Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Тогуз-Торо районунун жергиликтүү бюджеттеринде каржы бузуулардын эң көбү - бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу

2019-2020-жылдар аралыгында Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 664,4 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды.

Аудиттин жүрүшүндө, төмөнкүдөй каржы бузуулары аныкталган:

  1. бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу - 270,8 миң сом;
  2. социалдык төлөмдөргө кошумча чегерүү – 185,4 миң сом;
  3. курулуш иштеринин көлөмүн жогорулатуу - 113,9 миң сом;
  4. киреше салыгына кошумча чегерүү – 56,2 миң сом;
  5. сапар чыгымына ашыкча төлөө – 26,5 миң сом;
  6. эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү негизсиз чегерүү – 11,6 миң сом.

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 664,4 миң сом кайтарылууга тийиш, аудиттин жүрүшүндө 240,6 миң сом кайтарылды.