Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2021-жылдын 17 - сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

2021-жылдын 17 - сентябрында  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Ага Кеңештин мүчөлөрү: төрага –Алмазбек Шаршембиевич Акматов, аудиторлор: Заирбек Сулайманович Жоошбеков, Алимжан Топчубаевич Байгазаков, Зарылбек Апасович Сатаев, Мукаш Кадырович Арзыбаев, жана ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө аудитор Байгазаков Алимжан Топчубаевич тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет каралды. Күн тартибинин экинчи суроосу боюнча Арзыбаев Мукаш Кадырович тарабынан 2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет сунушталды.

Аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчеттор бекитилип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Админстрациясына жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине жиберилди.   

Отурумдун жыйынтыгында, күн тартибинин ар кандай маселелери боюнча 2021 - жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Аудитордук иш планына өзгөртүүлөр киргизилди.