Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Үстүбүздөгү жылдын 9 – сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 9 – сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

 

Ага Кеңештин мүчөлөрү: төрага – Алмазбек Шаршембиевич Акматов, аудиторлор: Заирбек Сулайманович Жоошбеков, Алимжан Топчубаевич Байгазаков, Мукаш Кадырович Арзыбаев, Зарылбек Апасович Сатаев жана  ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

Отурумдун жүрүшүндө аудиторлор  А.Т. Байгазаков жана З.С. Жоошбеков тарабынан сунушталган 01.01.2020-жылдан тартып 31.12.2020-жыл мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүү жөнүндө, 01.01.2020-жылдан тартып 31.12.2020-жыл мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүү жөнүндө жана 2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчеттор каралды.

Күн тартибинин кийинки маселеси боюнча 2021-жылга Кыргыз Республикасынын     Эсептөө палатасынын Аудитордук иш планына өзгөртүү киргизилди.

Отурумдун жыйынтыгында, отчеттор бекитилди жана аудиттердин жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Кабинет министирлигине жөнөтүлөт.