Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Асамидинович Мариповдун жаңы жылдык куттуктоосу
Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан, кирип келген Жаңы 2021 - жылыңыздар менен куттуктайм!
2020 - жыл дагы узап жатат. Бул өлкө үчүн оңой эмес жылдардан болду, бирок , баштан өткөн кыйынчылыктар бизди бириктирип, алдыга умтулуу үчүн, мүмкүнчүлүктөрүбүздүн зор резервдерин ачууга түрткү берди.
Жаңы жыл эли-жерибизге жакшылыктарды, бакубат жашоону алып келген жана ири ийгиликтерди коштогон өнүгүүнүн жылы болсун!
Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга ден соолук, үй-бүлөлүк бакубат жашоо, бейпилдик жана бакыт-таалай каалайм!
Чын жүрөктөн каалоо менен,
Улукбек Асамидинович Марипов