Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2020-жылдын 11 –декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

    Ага Кеңештин мүчөлөрү: төрага - Улукбек Асамидинович Марипов, аудиторлор: Заирбек Сулайманович Жоошбеков, Алимжан Топчубаевич Байгазаков, Айжан Медетовна Садыркулова, Алмасбек Садыкович Султанкулов, Вадим Александрович Садовников, Зарылбек Апасович Сатаев, Мукаш Кадырович Арзыбаев, ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты. 

    Отурумдун жүрүшүндө аудиторлор  З. С. Жоошбеков, А.С. Султанкулов, А.М. Садыркулова  жана  А.Т. Байгазаков тарабынан сунушталган аудиттин жыйынтыктары  боюнча  01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет, 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет, 01.01.2016-жылдан 31.12.2018-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Кыргызалтын” Ачык акционердик коомунун ишине жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет жана 01.01.2018-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Гознак” Жоопкерчилиги чектелген коомунда жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудити жөнүндө отчет бекитилди.

    Мындан тышкары, 2018-жылга карата аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жөнөтүлгөн жазма буйруктардын аткарылышы жөнүндө жана ошол эле жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигине жиберилген жазма буйруктардын аткарылышы жөнүндө маалыматтар каралды.

    Аудиттердин жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлөт.