Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Төрага У.Марипов кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктайт

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов кыргызстандыктарды 21-март - Нооруз майрамы менен чың жүрөктөн куттуктайт

Куттуктоо тексти:

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Нооруз – тынчтыктын, илгери үмүттүн жана молчулуктун жарчысы.

Кылымдарды карытып бизге жеткен бул майрам руханий мазмуну, терең философиялык мааниси менен өзгөчөлөнүп турат. Жаз майрамы адамзаттын турмушунда өзгөчө орун ээлеп, илгери үмүт тартуулап, аруу ниетке жетелеп келет.

Мекенибиздин бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактап, асыл тилектер жана жаркын үмүттөр менен, өлкөбүздүн тынчтыкта өсүп-өнүгүүсү үчүн аракеттенүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Улустун улуу күнүндө үйүбүзгө кут конуп, ишибизди ийгиликтер жылоолоп, ынтымак-ырашкерлик коштоп, аманчылык жана тынчтык болсун.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Эсептөө палатасынын төрагасы                                                                                                        У. Марипов