Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүү улуттук программасын аткарууда 32,4 млн сомго каражаттар рационалдуу эмес колдонулган

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын карады.

Улуттук программаны аткаруу боюнча бекитилген Иш-чаралар планы жалпысынан 160 иш-чараны, анын ичинде 793 иш-аракетти камтыйт. Бекитилген иш-аракеттердин ичинен 89 иш-аракетке каржылоо республикалык бюджеттен талап кылынбайт, калган 704 иш-аракетке талап кылынган каражаттардын көлөмү 498 млн. 700,0 миң сомду түзгөн.

2015-2018-жылдар аралыгында Иш-чаралар планы боюнча аткарылган иш-аракеттерге 260 млн. 740,0 миң сом каралган болсо, жалпысынан 194 млн. 817,3 миң сом сарпталган, 65 млн. 922,7 миң сом үнөмдөлгөн.

Жалпысынан 2018-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин негизинде 10 мекемеде аудит жүргүзүлдү. Аудиттин жыйынтыгы менен 32 млн. 374,5 миң сомго каражаттарды рационалдуу эмес колдонулгандыгы,    181,2 миң сомго резервдер жана жоготуулар, 10,0 миң сомго жетишпегендиктер аныкталды.

Жалпысынан Иш-чаралар планын аткарууда жарык көрүп, бирок окурмандарга жетпей калган китептердин фактысы аныкталган. Мекемелердин кампаларында аудит учурунда окурмандарга жетпей калган китептердин саны 55 548 даана, наркы 31 млн. 623,5 миң сом. Анын ичинен наркы боюнча эң көп топтолгон китептер:  Билим берүү жана илим министрлигинде (15,4 миң нуска, наркы         13,1 млн. сом) жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде (12,8 миң нуска 11,3 млн. сом) топтолгон.

Иш-чаралар планында бекитилген, бирок аткарылбай калган иш-аракеттердин жалпы көлөмү 205 млн. 10,0 миң сом түздү.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча КР Өкмөтүнө кемчиликтерди кетирген министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо жана Иш-чаралардын планын аткарууда иштелип чыгарылган окутуу программаларды, видео сабактарды, тил үйрөнүү боюнча электрондук тиркемелерди жана башка материалдарды кеңири жайылтуу боюнча чараларды көрүү сунушталды. Андан тышкары, аныкталган бузууларды жоюу максатында, министрликтерге жана ведомстволорго жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.