Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын төрагасы У.Марипов 8-март – Эл аралык аялдардын күнү менен куттуктайт

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов айымдарды 8-март – Эл аралык аялдар күнү менен куттуктайт

Куттуктоо тексти:

Урматтуу айымдар!

Сиздерди  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан 8-март – Эл аралык аялдар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

8-март – жалпыбыз үчүн эң мээримдүү, эң сүйкүмдүү, эң жагымдуу, гүл жыттанган майрам. Жергебизге жаздын келиши Сиздердин майрам менен башталат. Жаз мезгили да аялзатынын өзүнө окшош, назик жана сезимтал келет. Анын мээрими менен жер энебиз жибип, жаратылышка жан кирет. Сиздердин демиңиздер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай жаралат. Дүйнөдө Сиздер болгон үчүн, биздин жашообуз өзгөчө мааниге ээ.

Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөӊүздөргө бакубат, жыргал турмуш, ишиӊиздерге ийгилик, бакыт-таалай, тынчтык жана жакшылык каалайм. Жаз майрамдын кубанычы жана жаркын маанайы Сиздерди дайыма коштосун.

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Эсептөө палатасынын төрагасы                                                                                                   У. Марипов