Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы 2018-жылга “Чыгыш электр” ААКсынын ишине аудит жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2018-жылга  “Чыгыш электр” Ачык акционердик коомунун ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кабыл алды.

Аудиттин жүрүшүндө 2018-жылда электр энергиясынын жалпы жоготуусу 237 млн. 218,6 миң кВт/саатты же 14,26 %ды түзгөн, бул 13,5% өлчөмүндөгү план алдында 0,76 %га ашырылгандыгын көрсөтөт.

Аудит, электр энергиясынын өздүк наркын аныктоо жана тарифтерди түзүү методикасын  туура колдонууну талдоо учурунда, 1 млн. 119,7 миң сом суммасында электр энергиясынын өздүк наркынын негизсиз эсептөө аныктаган. Аталган акча каражаттары төмөнкүлөргө чыгымдалган:

  • өкүлчүлүк чыгымдарга – 1 млн. 23,7 миң сом;
  • спонсордук жардамга – 96,0 миңсом.

Бул сумма республикалык бюджетке кайтарылышы керек.

Ошондой эле, аудит учурунда күйүүчү-майлоочу материалдарга 2 млн. 801,7 миң сом суммасында ченемден тышкары чыгымдар аныкталган.

КР Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудиттин натыйжасында аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу максатында, Эсептөө палатасынын жазма буйругу жана сунуштамалары аудит объектисине жөнөтүлдү. Аудиттин материалдары маалымат үчүн, тиешелүү органдарга жиберилди.