2023-жылдын 6-11-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында кызматкерлердин Польшанын Жогорку Эсептөө органынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Польшанын Жогорку аудит органы жана INTOSAI Өнүктүрүү демилгесинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында уюштурулду.
Бир жумага созулган жыйындын жүрүшүндө «Эсептөө палатасынын стратегиялык башкаруусу» компонентинин алкагында бир катар негизги аспектилер каралып, кеңири талкууланды:
1. INTOSAI профессионалдык билдирүүсү жана стратегиялык башкаруу системасы – аталган теманын алкагында польшалык эксперттер өз билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүштү, бул өз кезегинде биздин кызматкерлер үчүн системаны колдонуу ыкмаларын кеңири изилдөөгө мүмкүнчүлүк берди.
2. АЖОнун IFPP стратегиялык менеджменти – польшалык эксперттер бул маселе боюнча практикалык билимдерин сунушташты жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында аны колдонууну талкуулашты.
3. Сапатты көзөмөлдөө, сапатты камсыздоо жана стратегиялык менеджмент – Польшадан келген эксперттер бул жааттагы тажрыйбалары менен кеңири тааныштырды, бул өз кезегинде иш-чаранын катышуучуларына аталган тема тууралуу толугурак маалымат алууга жол ачты.
11-октябрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын жана аудиторлорунун катышуусунда жыйынтыктар жана корутундулар чыгарылып, мындан аркы иш-чараларды уюштуруу жолдорун талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Польшанын Жогорку аудит органынын өкүлдөрүнө өлкөдөгү аудитордук ишмердүүлүктү баалоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле бул жаатта эл аралык кызматташтыктын жана билим алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Аталган жолугушуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишинин потенциалын жогорулатуу жана эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча үч тараптуу Кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча эки АЖОнун ортосундагы кызматташуунун башталышы болду.