Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын китепканасына Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан дүйнөгө белгилүү жазуучу Ч. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө көп томдуу китептер белекке берилди. Китептерди 15 - ноябрда жогоруда аталган Институттун директору, академик Абдылдажан Акматалиев Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповго тапшырды.
Бүгүн, 19-октябрда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгын арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Төрага Улукбек Марипов эмгек жамааттын кесиптик майрамы менен куттуктады.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, 2016-2017 жылдарына Чоң-Алай районунун айыл округдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча 7 млн 893,5 миң сомго каржы бузуулары аныкталган.
9-октябрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) “Кыргыз Республикасы: электрондук мамлекеттик тендерлерге жүргүзүлгөн аудиттин жаңы (типтүү) методологиясын иштеп чыгуу жана пилоттук жайылтуу. Методологияны пилоттук жайылтуу” техникалык кызматташтык долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга КР Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Осмонов Нурпаис баштаган өкүлдөр жана ЕРӨБдин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Юлия Шаповалова жана “Грант Торнтон” компаниясынын эл аралык эксперти Владислав Мурадян катышты.
Кыргыз Республикасы Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда бюджеттик жана атайын каражаттардын пайдаланышына, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасында бюджеттик, атайын жана Сот департаментинин депозиттик каражаттардын пайдаланышына 2016-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин аудит жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын адистери Борбор Азия Эл аралык университетинин 4 - курстун студенттерине дарс өткөрдү. Дарс “Каржы жана салык контролу” курсунун алкагында уюштурулган.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында 23-сентябрда өлкөбүздө жыл сайын белгиленүүчү Мамлекеттик тил күнүнө карата 20-сентябрь күнү мыкты дубалгезит боюнча конкурстун жыйынтыгы чыгарылды.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан “Улуттук энергетикалык Холдинг компаниясы” ААКна 2016-жылга пландык аудит жүргүзүлдү.
Бүгүн 20 - сентябрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Аудитору Садыркулова Айжан Медетовна Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия аймактарына жооптуу, мамлекетти башкаруу боюнча глобалдык тажрыйба алкагында, маселелерди чечүү жана инновациялык сатып алууларга жооптуу менеджер В.С. Кришнакумар башында турган миссиянын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Нурпаис Осмонов жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча сатып алууларды жүргүзүүчү топтун жетекчиси, сатып алуулар боюнча башкы адис Ахмед Мерзук катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банк каржылаган долбоорлордун негизинде мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдөгү реформалар боюнча маселелерди, сатып алууларды жүргүзүүдө алдамчылык жана коррупция тобокелчилигин азайтуу жана контракттарды башкаруу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташуунун мындан ары да жемиштүү уланаарына ишеним артышты.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Вьетнамдын Ханой шаарында 2018-жылдын 19-сентябрынан 24-сентябрына чейин өтө турган “Туруктуу өнүгүүдө аудиттин жогорку органынын ролу” жана “Экологиялык аудитти жүргүзүүдө аудиттин жогорку органдарынын ортосундагы кызматташуу” темасында аудиттин жогорку органдарынын Азиялык уюмунун (АЗОСАИ) 14-ассамблеясынын ишине жана АЗОСАИнин 7-симпозиумуна катышат.
“Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7- беренесинин 1- пунктуна ылайык, 2017-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттинин аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан бюджеттик каражаттардын чыгымдар сметаларынын, атайын эсептин кирешелер жана чыгымдар сметаларынын аткарылышы боюнча аудиттер жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов 2018-жылдын 5-сентябрнда Москва шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын (КМШ ФКЖО) жетекчилер Кеңешинин XVIII сессиясынын ишине катышты. Иш чарага Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусия Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана Азербайжан Республикасынын Эсептөө палатасы эки тараптуу кызматташуу тууралуу Макулдашууга кол коюшту. Документке эки өлкөнүн Аудиттин жогорку органдарынын башчылары Улукбек Марипов жана Вугар Гюльмамедов тарабынан 5-сентябрда, Москва шаарында кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов 2018-жылдын 4-сентябрнда Москва шаарында Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алексей Кудрин менен жолугушту. Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн финансылык контролдоонун жогорку органдарынын иши жөнүндө маалымат алмашышты, жана эки тараптуу кызматташуу багыттарын талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери “Каржылык эсеп – 1” жана “Башкаруу эсеби – 1” багыттары боюнча окутуу курсунан өтүштү. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Планына ылайык, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курсу боюнча 2018-жылга карата Европа союзунун “Контракты техникалык жактан колдоо, социалдык коргоо секторун реформалоо” долбоорунун көмөк көрсөтүүсү менен кызматкерлерди окутуу уюштурулду. Баардыгы 20 адам квалификациясын жогорулатты.
Бүгүн, 6-июлда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Марипов Улукбек Асамидинович жана Кытай Эл Республикасынын Улуттук аудитордук кеңсесинин башкы аудитору Ху Цзэцзюнь эки өлкө ортосундагы органдардын эки тараптуу кызматташуусу тууралуу Макулдашууга кол коюшушту.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку аудит органдарынын өкүлдөрүн кабыл алды.
ШКУга мүчө-мамлекеттердин жогорку аудит органдарынын өкүлдөрүнүн башчылары - Казакстан Республикасынын Республикалык бюджеттин аткарылышын контролдоо боюнча эсептөө комитети комитетинин төрагасы Годунова Наталья, Кытай Эл Республикасынын Улуттук Аудит Кеңсесинин Башкы аудитору Ху Зеджун, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын аудитору Блинова Татьяна, Тажикстан Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Чиллазода Карахон, Өзбекстан Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Икрамов Музраф, Индия Республикасынын Аудит Кеңсесинин Башкы аудиторунун орун басары жана көзөмөлдөөчүсү Ашуини Аттри жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Марипов Улукбек Асамидинович Бишкек шаарында жайгашкан жазуучу Чынгыз Айтматовдун үй-музейинде болушту.
Бүгүн, 2018-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунуна мүчө мамлекеттердин аудиттердин жогорку органдарынын IV жолугушуусу болду. Отурумга ШКУга мүчө мамлекеттердин аудиттердин жогорку органдарынын жетекчилери
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жана анын ведомстволук түзүмдөрүндө бюджеттик жана атайын каражаттарды пайдаланылышына пландуу аудит жүргүзүлдү. Аудиттин жүрүшүндө 117,3 млн. сомго каржы бузуулар аныкталган.