Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылга аудитордук иш планына ылайык, 2022-жыл аралыгындагы Чүй областынын Москва районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн.
Москва районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча – 7 млн 630,8 миң сом финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинде:
- акча каражаттарынын жетпей калуусу жана уурдоолор – 9,4 миң сом.
- каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 7 454,0 миң сом, анын ичинде:
• эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 5 943,9 миң сом;
• бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 318,5 миң сом;
• курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 847,4 миң сом;
• эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 344,2 миң сом;
- бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 167,4 миң сом, алардын ичинен;
• салык жана бажы мыйзамдарын бузуулар – 7,3 миң сом;
• бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 160,1 миң сом.
Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары -9 587,0 миң сом, анын ичинде:
• товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары-83,7 миң сом;
• эмгек акы төлөөдөгү бузуулар – 243,6 миң сом;
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары – 8 309,9 миң сом;
Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 7 493,4 миң сом, анын ичинде:
• ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар-7 493,4 миң сом.
Москва районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине, уюмдарына жана ишканаларына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү.
“Таза айыл" муниципалдык ишканасынын (уюштуруучусу Беловодск айыл өкмөтү) жана “Таза көчө” муниципалдык ишканасынын (уюштуруучусу Садовое айыл өкмөтү) ишитерине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин материалдары укуктук баа берүү үчүн Чүй областынын прокуратурасына жиберилди.
Аудиттин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар, тиешелүү айылдык кеңештерге карап чыгуу үчүн жиберилди.