Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

21-декабрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери “Дүйнөлүк банктын сатып алуунун жол-жоболору” аттуу тренингине катышты.

Кыргызстан Дүйнөлүк банкка 1992-жылы киргенден бери банк жалпы суммасы 2,7 миллиард долларды түзгөн 148 долбоорду каржылаган.

Иш-чараны ачып жатып, КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов мамлекеттик аудиттин жогорку органы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Бул тренинг Борбордук аппараттын жана Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга багытталган. Семинардан алган билим жана тажрыйба биздин адистерге каржылык көзөмөл тармагындагы натыйжалуу иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем», - деди Эсептөө палатасынын жетекчиси.

Тренингдин жүрүшүндө Дүйнөлүк банк тобу жана анын Кыргыз Республикасындагы программасы, бул программанын алкагында каржыны башкаруунун тартиби жөнүндө маалымат угулду. Баяндамачылар 2022-жылга Дүйнөлүк банктын сатып алуу концепциясына сереп салып, ошондой эле товарларды, жумуштарды, консультациялык жана консультациялык эмес кызматтарды тандоо ыкмалары жөнүндө айтып беришти. Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү сатып алуулардын стандарттык документтери жана товарларга жана жумуштарга сунуштарды баалоо жөнүндө кеңири маалымат беришти.

«Биз бул семинарды Кыргызстандагы учурдагы долбоорлорубуз жөнүндө айтып берүү, ошондой эле каржыны башкаруу ыкмалары жана сатып алуу эрежелери менен бөлүшүү үчүн уюштурдук. Мындай практика Дүйнөлүк банк тарабынан жыл сайын жүргүзүлөт. Бүгүнкү тренинг Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин күнүмдүк практикасы үчүн абдан пайдалуу болоруна ишенебиз. Биз узак жана жемиштүү кызматташуу уланаарына ишенебиз”, - деп жыйынтыктады Дүйнөлүк банктын сатып алуулар боюнча улук адиси Ирина Гончарова.

16-декабрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү КМШга мүчө мамлекеттердин Жогорку мамлекеттик аудит органдарынын жетекчилеринин кеңешинин алкагында Россия Федерациясынын Эсептөө палатасы менен тажрыйба алмашуу боюнча онлайн семинарга катышты.

Семинардын темасы «Коррупцияга каршы аракеттердеги Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын орду жана ролу» болду.

КМШга мүчө-өлкөлөрүнүн мамлекеттик финансылык көзөмөлдүн жогорку органдарынын кызматкерлери коррупцияга каршы аракеттердин натыйжалуу ыкмасын иштеп чыгуунун, ошондой эле аны менен күрөшүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Жогорку мамлекеттик аудит органдары коррупцияга каршы аракеттердин жалпы улуттук тутумунда маанилүү элементтердин бири болуп саналат.

Коррупциянын социалдык-экономикалык өнүгүү процесстерине терс таасири, жакырчылыкка каршы күрөш, жарандардын демократиялык мамлекеттин институттарына болгон ишениминин төмөндөшү коррупцияга каршы саясатты улуттук масштабда гана эмес, ошондой эле мамлекеттер аралык деңгээлде иштеп чыгууну талап кылат.

Иш-чаранын соңунда бардык катышуучулар коррупцияга каршы күрөштө мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин белгилешти.

8-декабрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери КМШнын мучө-мамлекеттеринин Жогорку мамлекеттик аудит органдарынын жетекчилеринин кенешинин алкагында россиялык кесиптештери менен тажрыйба алмашуу боюнча кезектеги онлайн семинарга катышты.


Негизги баяндамачылар Россия Федерациясынын Эсеп палатасынын сатып алуулар жана энергетикалык комплекс чөйрөсүндөгү Аудит департаментинин өкүлдөрү болушту.


Видеоконференциянын жүрүшүндө сатып алуулар чөйрөсүндөгү аудиттин методологиясы, сатып алуулар чөйрөсүндө финансылык көзөмөлдөө жүргүзүүдө IT-чечимдерди колдонуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө аудиттин жүрүшүндө аныкталган типтүү тартип бузуулар кеңири талкууланды.


Иш-чаранын соңунда тараптар КМШ өлкөлөрүндө аудитти көзөмөлдөө тутумун өркүндөтүү үчүн өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов карызды башкаруу боюнча маселе талкууланган БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча XIII конференциясына (ЮНКТАД) катышты. Иш-чара 5-9-декабрда Женевада өттү.


Конференциянын алкагында катышуучуларга өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карыз чөйрөсүндөгү учурдагы өзгөрүүлөр жана кеңири макроэкономикалык контекстте карызды башкаруу маселелери боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгү берилди. Конференция Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү жолун жана каржы ресурстарын мобилизациялоодо жаңы технологиялардын ролун кайра баалоо максатында, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карызды жою жөндөмүнө глобалдык кризистердин таасир этишин изилдеди.


Маалымат үчүн: 1964-жылы туруктуу өкмөттөр аралык орган катары түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) Башкы Ассамблеянын соода жана өнүгүү чөйрөсүндөгү маселелер боюнча негизги органы болуп саналат. Ага айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн соода-экономикалык өнүгүшүн тездетүү тапшырылган.

2022-жылдын 6-декабрында Эсептөө палатасынын Аппаратынын жетекчиси жана кызматкерлери INTOSAI менен донорлордун кызматташтыгынын алкагында иштелип чыккан “Жогорку аудит органдарынын жоопкерчилигинин глобалдык демилгеси” (GSAI) программасына катышуу боюнча ИНТОСАИ өнүктүрүү демилгесинин өкүлдөрү менен эки тараптуу онлайн жолугушууга катышышты.

Жолугушууда кызматташуу процесстери, донорлорду, өнөктөштөрдү тандоо жана 2022-2026-жылдарга Эсептөө палатасынын Стратегиялык өнүгүү планын ишке ашырууга жана потенциалын күчөтүү үчүн техникалык колдоонун маселелери талкууланды.

Мурда Эсептөө палатасы GSAI алкагында техникалык колдоо көрсөтүү үчүн жогорку аудит органдарынын INTOSAI өнүктүрүү демилгесинин тандоосуна  катышкан. Кийинчерээк, Эсептөө палатасы техникалык колдоо көрсөтүү үчүн тандалып алынган жогорку аудит органдарынын тизмесине киргизилген.

Маалымат иретинде:

INTOSAI – Жогорку аудит органдарынын эл аралык уюму. Жогорку аудит органдарына өз ара колдоо көрсөтүү максатында туруктуу мекеме катары түзүлгөн, автономдуу, көз карандысыз, кесипкөй жана саясий эмес уюм.

2022-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппараттын кызматкерлери жана аудит өткөрүлгөн объектилердин жетекчилери катышты.

Кеңеш 2021-жылга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде бюджеттин аткарылышынын аудитинин отчетторун карап, бекитти. Ошондой эле күн тартибине “Туратали базары” мамлекеттик ишканасынын 2021-жылга жана “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын 2019-2021-жылдарга карата ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы кароо киргизилген.

Бирок өзгөчө көңүл Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Эмгек министрлигинин текшерүүсүнүн жыйынтыгына бурулган.

Саламаттык сактоо министрлигинде аудиторлор 29215,6 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныктаса, анын 17350,8 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш болчу, текшерүүнүн жүрүшүндө 875,1 миң сом өндүрүлгөн. Ошондой эле, 11099,1 миң сомдук эмгек акынын негизсиз төлөнүшү, 1163,4 миң сомдук материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды эсептен чыгаруу катталган. Командировкаларга ашыкча каржылык чыгымдардын көлөмү 100,8 миң сомду түздү. 3314,3 миң сомдук дебитордук карызды жаап-жашыруу аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 13007,2 миң сом суммасында резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталган. Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттардын суммасы 22795,8 миң сомду түзгөн.

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жүргүзүлгөн аудит майыптык коляскаларды сатып алууда мыйзам бузууларды аныктаган. Майыптар коляскасына чукул муктаждык болгонуна карабастан, министрлик коляскаларды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алган эмес, бааларды көзөмөлдөө жүргүзүлгөнэмес. Майыптык коляскалар бюджеттик каражаттардын эсебинен коммерциялык ортомчу түзүмдөрдөн сатып алынган. Сатып алуунун баасын талдоо көрсөткөндөй, сатып алынган коляскалардын баасы ортомчулар аркылуу өтүп, өндүрүүчүлөрдөн сатып алуучу уюмдун колуна чейин бир топ жогорулайт. Ашыкча сарптоо 1617,0 миң сомду түздү.

Аудит текшерүүсү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо сатып алууда да мыйзам бузууларды аныктаган. 2021-жылы бул максаттарга бюджеттик каражаттардын кассалык чыгашалары 55 848,3 миң сомду түздү (смета боюнча пландаштырылган 89 999,0 миң сомдун ордуна), анын ичинен 35 319,5 миң сому 2020-жылдагы кредитордук карызды жабууга багытталган. Ошентип, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жолдомо сатып алуу үчүн пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын суммасы 34150,7 миң сомду түздү. Бул каражатка дагы 2529 жолдомо сатып алууга мүмкүн болгон.

Бул мыйзам бузуулар боюнча маалымат тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30‑июнундагы №394-VII “

Кенен маалымат...

Эсептөө палатасынын кызматкерлери мамлекеттик тилде жат жазуу жазышты 17-ноябрда

Кенен маалымат...

КР Эсептөө палатасынын өкүлдөрү 16-ноябрда КМШ мамлекеттери катышкан Мамлекеттик аудиттин жогорку органдарынын (каржылоо көзөмөлү)

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын өкүлдөрү Азия өнүктүрүү банкынын командасы менен КР Эсеп палатасынын потенциалын өнүктүрүү үчүн АӨБнын техникалык жардамынын багыттарын жана көлөмүн изилдөө боюнча жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу 3-ноябрда видеоконференция форматында өттү.

КР Эсеп палатасынын аппаратынын жетекчиси Нурпаис Осмонов маектешкендерге Эсеп палатасынын жалпы түзүмү жана уюштурулушу, Эсеп палатасынын кадрдык жактан камсыз болуусу жана потенциалы тууралуу айтып берди, ошондой эле финансылык отчеттуулуктун кесиптик стандарттары жөнүндө маалымат берди.

АӨБнын коомчулукту башкаруу боюнча улук адиси Анжум Исрар КР Эсеп палатасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мамлекеттик сектордун аудити жаатындагы адистеринин ишин жогору баалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кызыкдар тараптардын катышуусу менен аудит жүргүзүү потенциалына байланыштуу маселелерди талкуулашты, ошондой эле потенциалды жогорулатуу боюнча өнүктүрүүнү координациялоону талкуулашты.

Мындан тышкары, Азия Өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү коррупцияга каршы мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын 2022-2026-жылдарга стратегиялык өнүктүрүү планы менен таанышты, анда төмөнкүдөй артыкчылыктуу максаттар жана милдеттер камтылган: ISSAI ылайык аудит, тагыраак айтканда финасылык аудит, шайкештик жана натыйжалуулук аудити жана кызыкдар тараптардын өз ара катышуусун бекемдөө аркылуу мамлекеттик каржыны башкаруунун бир топ эффективдүү, ачык жана отчеттуу системасына көмөк көрсөтүү.

2020-2021-жылдарга Токмок шаарынын бюджеттерин түзүүгө жана аткарууга, Токмок шаарынын мэриясынын аппаратына жана анын түзүмдүк муниципалдык бөлүмдөрүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча 26 085,8 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Анын ичинен: негизсиз эмгек акы төлөө 13627,6 миң сомду түздү; материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу - 3589,3 миң сом; курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн ашыра баалоо — 737,9 миң сом; дебитордук эсеп боюнча жашырылган жана ашыкча көрсөтүлгөн кредитордук карыз – 1114,1 миң сом болгон.

Мындан тышкары резервдер жана бюджеттик жоготуулар – 6968,1 миң сомду түзгөн. Ошондой эле 101,1 миц сомдук каражаттарды ысырап кылуу фактылары аныкталган. Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык мыйзам бузуулар 1078,6 миң сомду түздү.

КР Эсеп палатасынын аймактык бөлүмүнүн отурумунун жыйынтыгы боюнча

Токмок шаардык кеңешине, ошондой эле Токмок шаарынын мэриясына көрсөтмөлөр жөнөтүлдү. Мындан тышкары, КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар башкармалыгына маалымат берилди. Текшерүүлөрдүн материалдары укуктук баа берүү үчүн Чүй облусунун прокуратурасына да жөнөтүлгөн.

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмү Талас шаарынын, Талас шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 2020-2021-жылдарга бюджеттерин даярдоону жана аткарууну текшерди. Текшерүү муниципалдык ишканаларда да өттү.

Бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 9174,7 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Негизсиз эмгек акы төлөө 175,7 миң сомду түзгөн. Мындан тышкары резервдер жана бюджеттик жоготуулар – 238,4 миң сом түзгөн.

Текшерүү материалдары каралган жыйындын жыйынтыгында Талас шаарынын мэриясына көрсөтмө жиберилди.

 

 

 

           

Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бюджеттерин түзүүгө жана аткарууга, ошондой эле 2020-2021-жылдарга муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен 14 770,1 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Негизсиз эмгек акы төлөөнүн суммасы 14713,5 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле бюджеттин резервдери жана чыгашалары – 2971,8 миң сом болгону аныкталды. Ал эми ысырап болгон каражаттар – 1192,8 миң сом болгону белгилүү болду.

Аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жыйынында каралды. Жыйынга Кара-Балта шаарынын мэри, ошондой эле шаардык муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик башкармалыгынын аудитинин материалдары Чүй облусунун прокуратурасына жөнөтүлүп, аларга юридикалык баа берилет.

 

 

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 2020-2021-жылдарга бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен 4479,9 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Финансылык мыйзам бузуулардын аныкталган суммасынын ичинен 3886,2 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, текшерүүнүн жүрүшүндө 3694,2 миң сом ордуна коюлган.

Мындан тышкары, 11341,1 миң сомдук резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталган.

Финансылык мыйзам бузуулардын эң ирилери:

- Балыкчы шаарынын мэриясы 567,8 миң сомго;

- Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы 3152,7 миң сомго;

- Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо муниципалдык ишканасы 620,3 миң сомго бузганы аныкталды.

Текшерүүлөрдүн материалдары Балыкчы шаарынын мэринин, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана каржы кызматкерлеринин катышуусунда аймактык бөлүмдүн коллегиясында каралды. Коллегиянын жыйынтыгы боюнча каржылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу максатында аларды жоюу боюнча тиешелүү мекемелерге көрсөтмөлөр жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, текшерүүнүн жүрүшүндө Балыкчы шаарынын мэриясынын (384,1 миң сом) жана шаардык кеңешинин (49,8 миң сом) техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акысына негизсиз кошумча үстөктөрдү төлөө фактысы аныкталган. Буга байланыштуу Балыкчы шаарынын прокуратурасына юридикалык баа берүү боюнча кат жиберилген.

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 2021-жылга Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жөнүндө отчетту бекитилди. 

Дипломаттык өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү болгон укук-ченемдик документтер, ички ченемдик документтер, каржы отчеттору иликтенди.  Аудитордук текшерүү Элчиликтин ишмердүүлүгү бардык аспектер боюнча бекитилиген мыйзам ченемдерине шайкеш келерин аныктады. 

Бирок Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2016-2018-жылдарга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча Эсептөө палатасынын Элчиликтин балансындагы 35 839 АКШ доллары суммасындагы өтмө калдык  боюнча («СБС-АГРО» Акционердик коммерциялык банктын векселин сатып алуу) жазма буйрукту аткарылбагандыгы аныкталган. Вексель Элчилик тарабынан 2002-жылдын августунда сатылып алынган, жана 14.08.2027-жылдан кеч эмес төлөнүүгө тийиш болчу. Элчиликтин архивинде векселди сатып алууну тастыктаган документтер жок болуп чыккан, ал эми «СБС-АГРО» АКБсы 2004-жылы жоюлган. РФнын Граждандык кодексинин 61-беренесине ылайык, юридикалык жакты жоюу, башка адамга укук мураскерлиги тартибинде укуктары жана милдеттери өткөрбөстүгүн баса белгилеп кетүү керек. Ошентип, «СБС-АГРО» АКБнын жоюлушуна байланыштуу анын бардык милдеттенмелери токтотулду. КР ТИМне КР Эсептөө палатасынын мурун жөнөтүлгөн жазма буйругун аткаруу боюнча чара көрүү жөнүндө сунуш кайрадан берилди.

Андан тышкары аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана КРнын РФдагы Элчилигине Элчиликтин эсеп иштеринин көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу кызматкерлердин санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин авто паркын жаңылоо маселеси жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсүүсү сунушталды. Көпкө пайдалануудан улам, 2019-2021-жылдары автомашиналарды оңдоого 36,8 миң АКШ доллары чыгымдалган. Көпкө пайдалануудан улам, автомобилдерди күтүү экономикалык жактан максатсыз жана натыйжасыз болуп эсептелет. 11 автомобилдин ичинен, 7 автомобиль нөлдүк баланстык наркка ээ, анын ичинен, 4 автомобиль 7 жылдан ашык пайдаланылууда.