Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

            Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын эл аралык иш-аракети эки багытта жүргүзүлөт: эл аралык адуитордук уюмдар менен кызматташат, ал, анын ичинде бар, ошондой эле  башка мамлекеттердин аудиттин жогорку органдары менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрөт. 

25 жыл ичинде чет өлкөлөрдөгү аудиттин жогорку органдары, ошондой эле  тиешелүү эл аралык уюмдар менен Эсептөө палатасынын байланышы жолго коюлган жана андан ары өнүгүүгө ээ болгон. Бул болсо, эл аралык бирикменин алкагында бир тараптуу жана көп кырдуу кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктү бир кыйла кеңейтүүгө мүмкүндүк берген.

         Эсептөө палатасы бир катар аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюмдарынын мүчөсү. 1994-жылы INTOSAIге (БУУ мүчө өлкөлөрүнүн аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюму, 1953-жылы түзүлгөн)   жана ASOSAIге (Азия континентиндеги өлкөлөрдүн аудиттин жогорку органдарынын уюму -   INTOSAIнин регионалдык топчосу, 1979-ж.) кирген. 1998-жылдан тартып, ECOSAIге (ECO өлкөлөрүн бириктирген Шанхай уюмунун мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдарынын башчылары менен кызматташат, 1998-ж.) кирген.  Ошондой эле, Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгынын мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоо жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешине кирет жана Шанхай кызматташуу уюмунун (ШКУ) мүчө мамлекеттеринин  аудиттин жогорку органдарынын башчылары менен кызматташат. Мындан сырткары, Эсептөө палатасы Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдары менен кызматташуу алкагында активдүү иш жүргүзүүдө.

            Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдары Армения, Белоруссия Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы  жана Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тыштан алынып келингендерге бажы алымдарынын (эквиваленттик таасирге ээ жыйымдар жана салыктар, жана башка алымдар) суммаларын чегерүү жана бөлүштүрүү, аларды мүчө-өлкөлөрдүн бюджеттеринин кирешесине чегерүү тартиби жөнүндө Протоколдун сакталышына биргелешкен текшерүүнү жыл сайын уюштурушат. Ошондой эле, ЕАЭБ тилкеси боюнча Эсептөө палатасы кызматташуу алкагында, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдары  ЕАЭБ органдарында жыл сайын тышкы аудит жүргүзөт.

INTOSAI алкагында, тигил же бул аудит маселеси  боюнча,  ар кайсы өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган, жумушчу тобу түзүлөт. Эсептөө палатасы кен казуу өнөр жайына аудит жүргүзүү боюнча INTOSAIнин жумушчу тобунда турат, ага 2013-жылы кирген. Топ кен казуу өнөр жайына мамлекеттик  аудитти жүргүзүүнү жакшыртуу  жана бул аудиттин түрүнө тартылган аудиттин жогорку органынын коомчулугун  түзүү менен иш алып барат.

         Эсептөө палатасы мамлекеттик  сатып алууларга контракттык аудит жүргүзүү боюнча INTOSAIнин Атайын тобунда катышат. Атайын топтун иши мамлекеттик  сатып алууларга аудит жүргүзүүгө жана универсалдуу мамилелерди иштеп чыгууга багытталган. Ал, бул чөйрөдө ар тараптуу тажрыйбага ээ болгон, финансылык контролдоонун жогорку органынын потенциалына негизделген. 

         2000-жылдын ноябрында Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын демилгеси менен, Москва шаарында  Азербайжан Республикасынын,   Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын,  Грузиянын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз  Республикасынын, Молдова Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Украинанын аудитин жогорку органдарынын жетекчилери, КМШ мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоо жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. 

         Тараптар КМШ мүчө мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешине карата Кайрылуу кабыл алышкан, анда, КМШ мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоо жогорку органдарынын кызматташуусун жогорулатуу боюнча биргелешкен иш-аракеттин зарылдыгы негизделген. 

         Эсептөө палатасынын өкүлдөрү  КМШ мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоо жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин алдындагы КМШ мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоо стандарттарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобуна кирген.

         2010-жылы Москвада (Россия Федерациясы) Шанхай кызматташуу уюмунун (ШКУ) мүчө мамлекеттеринин жетекчилеринин биринчи уюштуруу жолугушуусу болгон. ШКУ мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдарынын өз ара аракеттенишүүсүнүн глобалдуу максаты – региондо туруктуулукту жана бакубаттуулукту чыңдоого катышуу болуп эсептелген.  Аларда болгон ыйгарым укуктун алкагында, ШКУ мүчө мамлекеттеринин аудиттин жогорку органдарынын кызматташуусунун негизги максаты болуп,  күнүмдүк иштин натыйжалуулугун жогорулатуу кызыкчылыгында күч-аракетти бириктирүү, жакшы тажрыйбаларды алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, биргелешкен жана бирдей контролдук иш-чараларды өткөрүүдө иш-аракеттерди координациялоо эсептелет.

         Акыркы жолугушуу Бишкек шаарында (Кыргызстан) 2018-жылдын июлунда өткөн. Жолугушууга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, ошондой эле  2018-жылы бирикмеге киришкен Индия жана  Пакистандын аудиттин жогорку органдарынын жетекчилери, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлөрдүн элчиликтеринин өкүлдөрү       катышкан.   

         Эки тараптуу кызматташуу алкагында, Эсептөө палатасы менен бир катар өлкөлөр  - Россия Федерациясы, Грузия, Казакстан Республикасы, Армения Республикасы, Түркия, Латвия Республикасы, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай Эл Республикасы, Азербайжан Республикасы ж.б. менен мамлекеттик  аудит жана финансылык контролдоонун жогорку органдары менен кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлган.  

          Бул өлкөлөр менен кызматташуу, методология жана мамлекеттик  финансылык контролдоону жана аудитти жүргүзүү тартиби, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик окутуу  чөйрөсүндө өз ара аракеттенишүү,  изилдөөлөрдү, семинарларды, конференцияларды жана жумушчу жолугушууларды биргелешип өткөрүү, улуттук мыйзамдын ченемдик жана укуктук актыларын алмашуу,  мамлекеттик  финансылык контролдоо жана аудитти жүргүзүү  маселесине кирген, кесиптик маалымат жана методика  жаатында тажрыйба алмашууну козгойт.