Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Арзыбаев Мукаш Кадырович

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору,  комиссиянын төрагасы   

Комиссиянын мүчөлөрү:

 

Джайлообаева Гульмира Шакирбаевна

Аудитордук ишти пландоо, статистика жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы

Сыдыков Тимур Шералыевич

Экономика тармагынын чыгымдарына аудит жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы   

Сейитбекова Мендайим Калдыбаевна

Укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы

Байымбеков Алмаз Сабырбекович

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, комиссиянын катчысы   

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын

 Коррупцияны алдын алуу боюнча комиссиясы жөнүндө жобону

бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26  Жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы № 215 “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши токтом кылат:       

                    

            1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Коррупциянын  алдын алуу боюнча комиссиясы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

            2. Иш кагаздарын жүргүзүү сектору ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын бардык кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.

            3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилери ушул токтомду тийиштүү аймактык бөлүнүштөрдүн бардык кызматкерлерине жеткирсин.

 

     Төрага                                                                                                               У.А. Марипов 

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин

2017-жылдын __________- мартындагы

№ _____ токтому менен бекитилген.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын

Коррупцияны алдын алуу боюнча комиссиясы жөнүндө

ЖОБО

 

 

  1. Жалпы жоболор
  2. Комиссиянын негизги милдеттери
  3. Комиссиянын функциялары жана ыйгарым укуктары
  4. Комиссиянын иштөө регламенти

 

I. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча комиссиясы (мындан ары – Комиссия) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын (мындан ары – Эсептөө палатасы) кеңеш берүүчү органы болуп эсептелет.   

2. Комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын жана башка укуктук-ченемдик актыларын жана Эсептөө палатасынын ички мекемелик  актыларын жетекчиликке алат. 

3. Комиссия түзүүнүн негизги максаты болуп, коррупцияны алдын алуу жана Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча  Эсептөө палатасынын түзүмдүк жана аймактык  бөлүнүштөрүн  бириктирүү,  ак ниеттүүлүк менен башкаруу принциптерин камсыздоо болуп эсептелет.

 

II.   Комиссиянын негизги милдеттери

 

4. Комиссиянын негизги милдеттери болуп, төмөндөгүлөр эсептелет:

- Эсептөө палатасында коррупцияга каршы  күрөшүүнүн  артыкчылыктуу багыттарын белгилөө:

- коррупциянын пайда болуу шарттарын жана себептерин төмөндөтүү боюнча чаралардын натыйжалуу тутумун түзүү;

- коррупциялык көрүнүштөрдүн шарттарын жана себептерин аныктоо жана четтетүү;

- коррупция көрүнүштөрүнө  жол бербөө мамилелерин түзүү;

- коррупция менен күрөшүү маселеси боюнча Эсептөө палатасынын ченемдик-укуктук базасын жакшыртуунун артыкчылыктарын аныктоо жана коррупцияга каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.

 

III.  Комиссиянын функциялары жана ыйгарым укуктары

 

         5. Комиссия  төмөндөгү функцияларды жүзөгө ашырат: 

         - коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги багыттарын белгилөө боюнча сунуштарды киргизет;

         - Коррупцияны алдын алуу маселеси боюнча  ыйгарым укуктуу тарабынан түзүлгөн, Эсептөө палатасында жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө коррупциялык тобокелдиктердин тизмесин карайт;

         - Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча планга киргизүү үчүн, сунуштарды киргизет;  

         - Эсептөө палатасынын катышуусу менен, соттук териштирүүлөрдүн натыйжалары боюнча  укукка ылайыктуу практикалар маселелерин карайт;

         - коррупциялык укук бузуулар фактыларын камтыган предмет боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуу фактылары боюнча жыйынтыктарды карайт жана анын себептерин четтетүү боюнча жетекчиликке сунуштарды берет;

         - Комиссия тарабынан анын ишинин жүрүшүндө, коррупция үчүн шарттарды түзгөн, аныкталган укук бузуулар жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасына билдирет; 

         - Эсептөө палатасында жогорулатылган коррупциялык тобокелдиктер аймагын жана коррупциялык практикаларды четтетүү боюнча сунуштарды киргизет;

         - аудит  объектисинин кызматкерлеринин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун (анкеттөөнүн) натыйжаларын кароо жыйынтыгы боюнча сунуштарды киргизет;

         - кесипкөйлүк принциптерине каршы келген, кадрларды тандоо жана кадрларды жайгаштыруу фактыларын алып салуу максатында, Эсептөө палатасынын кадрлар курамын изилдейт;

         - коррупцияга каршы күрөшүү жаатында Эсептөө палатасынын ички мекемелик актыларынын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзөт жана коррупцияны алдын алуу боюнча укуктук жөнгө салууну жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

          6. Комиссия төмөндөгүлөргө укуктуу:

- аудит объектисинин кызматкерлеринин  арасында белгиленген тартипте сурамжылоо  (анкеттөө) жүргүзүүгө:      

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте, коррупцияны алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин жана механизмдерин карап чыгууга жана сунуштоого; 

- коррупция менен натыйжалуу жана ачык күрөшүү боюнча чараларды андан ары жакшыртуу боюнча Эсептөө палатасынын жетекчилигине тиешелүү сунуштарды киргизүүгө.

 

 

IV.   Комиссиянын ишинин регламенти

 

         7. Комиссиянын курамы белгилүү бир мөөнөткө Эсептөө палатасынын төрагасынын буйругу менен белгиленет. 

         Комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен төрага дайындалат.

         Комиссиянын катчысы болуп, Эсептөө палатасынын коррупцияны алдын алуу маселеси боюнча ыйгарым укуктуу эсептелет.  

Комиссиянын максималдуу курамынын саны чектелген эмес жана Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан аныкталат, бирок үч адамдан кем болбошу керек (так эмес сан).  

8. Комиссиянын отуруму зарылчылыкка жараша өткөрүлөт, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес. Отурумду Комиссиянын төрагасы жетектейт. 

9. Комиссиянын отуруму укуктуу болуп эсептелет, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса.   

10. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет. Протоколго Комиссиянын отурумуна катышкан Комиссия мүчөлөрү кол коюшат. 

 Комиссиянын чечимдери сунуш берүү мүнөзүндө болот.

         11. Комиссия мүчөлөрү Комиссиянын функцияларын жана  милдеттерин жүзөгө ашыруу боюнча негиздүү сунуштарды талкуулоого алып чыгууга  укуктуу.