Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2020-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында бюджеттик жана атайын каражаттардын пайдаланылышына аудит жүргүздү.  Аудиттин жүрүшүндө каржылык бузуулар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ишинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу болгон.

• 2020-жылдын апрель айында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо чыгымдар сметалык эсеп боюнча 56,8 млн сомду түзсө, анын 27,7 млн ​​сому иш жүзүндө пайдаланылган.

• 2020-жылдын октябрь айы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо менен белгиленип 437,7 миллион сом пландалып, 420 миллион сому сарпталган.

• 2021-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоону өткөрүүдө чыгымдар сметалык эсеп боюнча 676,1 миллион сомду түзүп, анын 464,1 миллион сому сарпталган.

Белгилей кетсек, пайдаланылбай калган каражаттар республикалык бюджетке кайтарылган.

 

Бүгүн, 2023-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө аудиторлор В.А. Садовников жана М.К Арзыбаев тарабынан сунушталган аудиттердин жыйынтыктары боюнча күн тартибиндеги төмөнкү маселелер каралды:

• 2020-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияда бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет;

• 2020-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде, анын аймактык органдарында жана ведомстволук бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.

Маселелерди кароо үчүн аудит объектилеринин жетекчилери чакырылган. Кеңештин мүчөлөрү аудиттин жыйынтыктары боюнча суроолорду жана сын-пикирлерди талкуулашты. Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудит объектилерине сунуштар берилди.

Жогоруда көрсөтүлгөн объектилердеги жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кененирээк маалымат www.esep.kg сайтында жакынкы арада берилет.

2023-жылдын 11-декабрында  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Коллегиясында, 2021-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 30-июнуна чейинки мезгил аралыгына карата Кочкор районунун жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин отчету каралды.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Кочкор районунун бюджетинде ­– 35 млн 979,6 миң сом каржы бузуулар аныкталган, анын ичинде:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттик каражаттардын келип түшүүсүн жана кайтаралышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөшү – 3307,5 миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 97,0 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджетке которуу/эсепке киргизүүдө укуктук негиздердин жоктугу же туура келбеши – 195,3 миң сом;
  • Кыргыз Республикасындагы бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу – 502,6 миң сом;
  • капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууда бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар – 1386,4 миң сом;
  • милдеттенмелерди кабыл алуу, тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган  чыгымдар) – 1742,1 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттин аткарылышындагы башка кемчиликтер жана бузуулар – 251,8 мин сом;
  • мүлктү сактоонун камсыздалбашы – 2936,1 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар – 79,4 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы жана башка бузуулар – 62,5 миң сом;
  • бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуу – 20327,1 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзам бузуулар – 5091,8 миң сом.

Мындан тышкары 11 (он бир) жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Аудиттин материалдары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, айылдык Кеңештин төрагаларына - Отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Коллегиясында, 2022-жылга карата Токмок шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Томкок шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканаларынын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин отчету каралган.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Токмок шаарынын бюджетинде – 10 млн  326,6 миң сом финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинде: 

  •  каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 9 919,0 миң сом, анын ичинде:

•    эмгек акыны негизсиз төлөөлөр -2 620,9 миң сом;

•    курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 645,9 миң сом;

•   эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 6 652,2 миң сом;

  • бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 263,4 миң сом, анын ичинде:

•   салык жана бажы мыйзамдарынын бузулушу – 87,2 миң сом;

•   бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 176,2 миң сом.

  • Соц.фонддун кошумча чегерилген кирешелери – 144,2 миң сом.
  • Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары -1 870,6 миң сом, анын ичинде:

• эмгек акы төлөөдөгү бузуулар – 493,7 миң сом;

• бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары – 1 376,9 миң сом;

  • Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 2,4 миң сом, анын ичинде:

• ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар – 2,4 миң сом.

Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык бузуулар – 240,3 миң сом.

Коллегиянын чечимине ылайык, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Токмок шаардык кеңешине маалымат, бардык аудит жүргүзүлгөн объектилерге жазма буйруктар жиберилген. Ошондой эле, Коллегиянын чечиминин негизинде, мурдагы аудиттин жыйынтыктары боюнча жазма буйруктун аткарылбагандыгына байланыштуу, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын объектилери боюнча подрядчылар тарабынан иштердин наркынын 391,9 миң сом суммасында жогорулатылышын боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жиберилген.

2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Коллегиясында, 2022-жылга карата Чүй областынын Сокулук районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышы боюнча шайкештик аудиттин отчету каралган. 

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Сокулук районунда – 14 млн 710,4 миң сом финансылык бузуулар аныкталып, анын ичинде: 

  • жетпей калуулар жана уурдоолор – 57,1 миң сом;
  • каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 13 194,5 миң сом, анын ичинде:
  • эмгек акыны негизсиз төлөөлөр- 2 737,2 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктарды жана эсепке берме суммаларды кошкондо, акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 49,5 миң сом;
  • курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 6 196,9 миң сом;
  • мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 231,5 миң сом;
  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 3 979,4 миң сом.
  • бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 759,7 миң сом, алардын ичинен:
  • салык жана бажы мыйзамдарын бузуулар – 385,7 миң сом;
  • бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 343,9 миң сом;
  • акциялардын мамлекеттик пакетине дивиденддер – 30,1 миң сом;
  • Соцфонддун кошумча чегерилген кирешелери – 699,1 миң сом.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары -14 млн 811,8 миң сом, анын ичинде:

  • товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары-259,8 миң сом;
  • эмгек акы төлөөдөгү бузуулар – 649,5 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары – 12 812,1 миң сом;
  • бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары – 1 090,4 миң сом.

Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 3 млн 509,6 миң сом, анын ичинде:

  • ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар-3 503,8 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруудагы бузуулар – 5,8 миң сом;
  • Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык бузуулар – 31,9 миң сом.

Сокулук районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине, уюмдарына жана ишканаларына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлгөн.  Ал эми "Сугат тармактарын капиталдык оңдоо" (З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтү) жана  "Кызыл-Туу айылындагы Табышалиев көчөсүндөгү эски темир бетон лотокторду жаңыларына алмаштыруу" (Кызыл-Туу айыл өкмөтү) объекттери боюнча, "НЭК Лтд" ЖЧКсы боюнча аудиттердин материалдары укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жиберилген.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы өлкөнүн жогорку окуу жайларынын студенттерине, келечектеги экономистерине жана финансистерине алардын билим деңгээлин практика менен бекемдөө үчүн, келечектеги жаш кадрларды калыптандыруу жана тарбиялоо максатында, дарстарды өткөрүп келет. Бул жолу Илимий-Изилдөө Университети "Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинин" Экономика жана сервис колледжинин студенттерине Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, маалыматтык экскурсия өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук ишти пландоо, отчеттуулук, маалымат жана санариптик өнүктүрүү боюнча башкармалыктын начальниги Руслан Абдыкалыков Эсептөө палатасынын статусу, ролу, милдеттери, төрага жана аудиторлордун ыйгарым укуктары, жана аларды шайлоонун тартиби жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Эсептөө палатасынын иш багыттарына, принциптерине жана аудиттик иш - чараларды пландоо, аудиттин түрлөрү жана аларды жүргүзүү эрежелери тууралуу кененирээк токтолду.
Андан тышкары студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берип, иш-чаранын жүрүшүндө көбүн эсе коррупцияга каршы күрөшүү, табылган бузуулардын түрлөрү, Эсептөө палатасынын мамлекеттик башка органдар менен анын ичинде укук коргоо органдары, эл аралык уюмдар менен кызматташуу темаларын камтыды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу окуу жайларында, райондук билим берүү жана башка ведомстволук бөлүмдөрүндө 2022-жылга карата бюджеттин аткарылышына пландык аудиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө, бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн. Аудиттин журүшүндө  11 млн 030,7 миң сом суммасындагы мамлекеттик акча каражаттарынын уурдалгандыгы (хищение) аныкталган. Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин карточкалык эсептерине 2022- жылы – 9 млн 408,9 миң сом, 2023-жылы – 1 млн 621,8 миң сом акча каражаты негизсиз которулган.

Бүгүн, 2023-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө аудиторлор З. А. Сатаев жана Б. А. Рыскулиев тарабынан сунушталган аудиттердин жыйынтыктары боюнча күн тартибиндеги төмөнкү маселелер каралды:

• 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 30-июнуна чейинки мезгил аралыгына карата “Айыл чарбасын каржылоо - 10, 11”, “Агроөнөр жай комплексин кредиттөө” жана “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоорлорунун алкагында “РСК Банк”, “Айыл Банк” жана “Кепилдик фонду” ачык акционердик коомдору тарабынан берилген жеңилдетилген кредиттерге жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары боюнча отчет;

• 2022-жылга жана 2023-жылдын 1-жарым жылдыгына карата “Ден соолук кербени” долбоорунун ишке ашырылышына жүрүзүлгөн финансылык аудити жөнүндө отчет;

• 2022-жылга карата “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясынын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.

Маселелерди кароо үчүн аудит объектилеринин жетекчилери чакырылган. Кеңештин мүчөлөрү аудиттин жыйынтыктары боюнча суроолорду жана сын-пикирлерди талкуулашты. Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудит объектилерине сунуштар берилди.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан 2023-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Нарын областынын Жумгал районунда 2021-2022-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

 Аудиттин жыйынтыгы боюнча 116 млн 078,8 миң сом каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен:

  • бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши 39,3 миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 12,4 миң сом;
  • тиешелүү бюджетке каражаттарды  кошуп эсептөө тартибин бузуу 1157,7 миң сом;
  • Кыргыз Республикасындагы бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу 94,3 миң сом;
  • капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар” 3311,4 миң сом;
  • милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган  чыгымдар (2303) 2356,8 миң сом;
  • мүлктү сактоонун камсыздалбашы 9037,9 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар 148,4 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы жана башка бузуулар 890,3 миң сом;
  • бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуу 91753,2 миң сом;
  • мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар 7277,1 миң сом.

Мындан тышкары 14 (он төрт) жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Аудиттин материалдары Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, айылдык Кеңештин төрагаларына - Отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Укуктук баа берүү үчүн, төмөнкү айыл өкмөттөрдүн иштери укук коргоо органдарына жиберилди:

- Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү  (кошулгандан кийин Кызарт айыл өкмөтү) айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек китепчелеринде “дыйкан чарба” мүчөсү катары катталган учурларын иш стаждарына кошуп, кызматтык маянага жалпы 345,8 миң сом пайыздык үстөк кошулуп төлөнүп берилгендиги (2021-жылы 156,1 миң сом, 2022-жылы 189,7 миң сом) боюнча;

- Көк-Ой айыл өкмөтүндөгү жетпей калган 1997-жылкы баланстык баасы 150,0 миң сомдук микроавтобус боюнча жана Көк-Ой айыл өкмөтү тарабынан 2021-жылда «Көлмө Алтын Булак» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесине суу түтүктөрүн ремонттоо үчүн которулуп берилген 222,3 миң сом боюнча;

- курулуш иштеринин көлөмдөрүн көтөрмөлөө боюнча: Жумгал райондук жалпы-дарыгерлер практика борборунда подрядчы “СК-Нурислам” ЖЧКсы тарабынан көмүркана куруу жумуштарын аткарууда (Жумгал райондук өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен  аткарылган) 214,3 миң сом;

- подрядчы “Бейне Строй” ЖЧКсы тарабынан “Миң-Куш айыл өкмөтүндө балдар үчүн оюн аянтчаларын курууда” (Жумгал райондук өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен  аткарылган) 421,5 миң сом;

-  подрядчы “Кайнар Водстрой” ЖЧК тарабынан “Чаек айыл өкмөтүндө Э. Миңбаев атындагы бала-бакчага кошумча курулма курууда” (жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен) 471,6 миң сом;

- Таш-Дөбө айыл өкмөтүндөгү (кошулгандан кийин Түгөл-Сай) айыл өкмөтү) 2021-2022-жылдар аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына өткөрүлгөн шайкештик аудиттин отчетунун көчүрмөсү жана курулуш иштерине жүргүзулгөн аудитте подрядчы “Крупно строительная компания” ЖЧКсы тарабынан “Таш-Дөбө айылында түнкү жарыктандырууларды орнотууда” (Жумгал райондук өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен) 64,7 миң сом жана негизсиз алынган 54,8 миң сом кошумча нарк салыгы;

 - подрядчы “Нур Строй Азия” ЖЧКсы тарабынан (жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен) Кабак айыл өкмөтүндө (кошулгандан кийин Миң-Куш айыл өкмөтү) Табылгыты айылында таза-суу системасын оңдоп-түзөө жумуштары боюнча 1114,0 миң сомдук подряддык келишим 2022-жылдын декабрында түзүлүп, подрядчыга 779,5 миң сом которулган, аяктоо мөөнөтү 2023-жылдын 1-июнуна деп көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, аталган жумуш толук бүткөрүлгөн эмес.

2023-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө аудиторлор З. А. Сатаев жана М. К. Арзыбаев тарабынан сунушталган аудиттердин жыйынтыктары боюнча күн тартибиндеги төмөнкү маселелери каралды:

  • “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 2022-жылга карата жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.
  • “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун 2018-2022-жылдарга карата жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.

Маселелерди кароо үчүн тиешелүү ишканалардын башчылары чакырылган. Кеңештин мүчөлөрү аудиттин жыйынтыктары боюнча суроолорду жана сын-пикирлерди талкуулашты. Отурумдун жыйынтыгында токтомдор кабыл алынып, аудиттердин жыйынтыгы жөнүндө отчеттор тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.

Аталган объектилерде жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кеңири маалымат кийинчерээк www.esep.kg сайтында жарыяланат.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм!

Сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөрдөн улам, ЖМК бүгүнкү күндөгү коомдун өсүшүнүн маанилүү ресурсу болуп калуусуна түрткү берди. Өлкөдө болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабай, жаңыланууга ачык мамиле жасап, маселенин өзөгүнө жетип кароо гезитте, сыналгы жана үналгыда, интернет-басылмаларда иштеп жаткан адистердин негизги иши болуп келген жана мындан ары да ошондой болуп кала бермекчи. Ошондой эле коомдук пикирди жана маанайды калыптандырууда чечүүчү ролду аткарып келатасыздар. Өлкөбүздө ачык, мыйзамдуу жана адилеттүү демократиялык системаны калыптандырууда журналисттердин салымы кыйла маанилүү. Ушунун баары бийлик менен коомдун ортосунда диалог түзүүгө, актуалдуу маселелердин ачыкталышына, алар боюнча керектүү чечимдердин кабыл алышына, социалдык маанилүү программалардын ишке ашырылышына өбөлгө түзүүдө. 
Чын дилимен сиздерге шыктануу, жаңы идеяларды жана долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууңуздарды каалайм. Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, бакубат турмуш жана гүлдөп-өнүгүү каалайм!


Урматым менен,
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы 
А.Ш.Акматов

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, ЖалалАбад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад областынын Чаткал районунун социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзгөн.

Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, КР финансы министрлигинин Чаткал финансы башкармалыгы,Чаткал районунун айыл аймактары жана райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылды.

Чаткал районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча – 27 млн 492,7 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды. Бузуулардын классификатору боюнча:

  • бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши – 558,4 миң сом;
  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, алар боюнча туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролдоо чаралардын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 846,0 миң сом;
  • курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу – 7023,5 миң сом;
  • кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар – 3092,9 миң сом;
  • товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын ченемден ашыкча чыгымдалышы – 1072,5 миң сом.
  • товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастары – 967,7 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) – 30,6 миң сом;
  • тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 1496,4 миң сом;
  • эмгек акы, сапар чыгымы, жөлөк пулдар, компенсациялар жана башка төлөмдөрду төлөөдөгү бузуулар – 194,0 миң сом;
  • дебитордук карыздарды бухгалтердик эсептен жашыруу – 11954,2 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөту тарабынан белгиленген босоголук суммадан ашкан суммага мамлекекттик сатып алуулар боюнча конкурстар өткөрүлбөстөн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү – 257,0 миң сом.

Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджет эсебинен аткарылган курулуш иштерине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча аныкталган 587,0 миң сомдук кошуп жазуулар, Сумсар айыл өкмөтүндөгү 1072,5 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазуулар, мындан тышкары Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү 386,0 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазуулар, ошондой эле Чаткал айыл өкмөтүндөгү 1308,0 миң сомдук соцпакет каражаттарынын сарпталышы боюнча материалдар жана Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү мурунку аудиттин жыйынтыгы боюнча аныкталып, азыркы күнгө чейин калыбына келтирилбеген 619,2 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазуулар боюнча материалдар, укуктук баа берүү үчүн Жалал-Абад областтык прокуратурасына жиберилди.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, ЖалалАбад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзгөн.

Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, КР финансы министрлигинин Тогуз-Торо финансы башкармалыгы, Тогуз-Торо районунун айыл аймактары жана райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылган.

Тогуз-Торо районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча 1 млн 058,5 миң сомдук каржылык чектен чыгуулар аныкталды. Бузуулардын классификатору боюнча:

  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, алар боюнча туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролдоо чаралардын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 41,5 миң сом;
  • курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу жалпы – 626,4 миң сом;
  • кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар – 66,7 миң сом;
  • товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын нормадан ашыкча чыгымдалышы 49,7 миң сом;
  • эмгек акы, сапар чыгымы, жөлөк пулдар, компенсациялар жана башка төлөмдөрду төлөөдөгү бузуулар – 147,5 миң сом;
  • утурумдук болуп жаткан чыгымдарды эсепке алууда мыйзам талаптарынын сакталбашы (пландалган максатына жетпей сарпталган каражаттар) – 58,0 миң сом;
  • дебитордук карыздарды бухгалтердик эсептен жашыруу – 68,5 миң сомду түздү.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, ЖалалАбад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзгөн.

Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ала-Бука райондук финансы башкармалыгы, Ала-Бука районунун айыл аймактары жана райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылган.

Ала-Бука районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча - 126 млн 343,1 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды. Бузуулардын классификатору боюнча бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун туура келбеши (киреше булагын туура эмес пландоо) – 780,0миң сом;

  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, алар боюнча туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролдоо чаралардын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 255,6миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө же толук эмес чегерүү (Салыкка, СФга кошумча эсептөөлөр) – 1850,4 миң сом;
  • бюджеттик сметада көргөзүлбөгөн чыгымдар – 19,0 миң сом;
  • курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу – 47563,0 миң сом;
  • капиталдык салымдарды сарптоодогу жана курулуш иштерин аткаруудагы башка бузуулар – 20808,3 миң сом;
  • эмгек акынын ченемден ашыкча төлөнүшү – 40,0 миң сом;
  • товардык материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгашалары – 49,1 миң сом;
  • негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу – 37581,8миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы – 592,5 миң сом;
  • тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 5210,0 миң сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузууларга кирбеген бузуулар (муниципалдык жерлерди менчикке жана ижарага негизсиз берүү) – 10206,6 миң сом;
  • бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн талаптарын бузуу менен отчет берүү – 22,0 миң сом;
  • эмгек акы,  иш сапар чыгымына жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар, ашыкча төлөөлөр – 364,8 миң сом;
  • дебитордук карызды бухгалтердик эсепке алуудагы бузуулар – 1000,0 миң сом.

Ала-Бука районунун Балтагулов айыл өкмөтүнүн жер балансындагы 0,68 га жер участогун менчикке берүүдө 2171,6 миң сомдук бюджеттик жоготуулар боюнча материалдар, Ала-Бука айыл өкмөтундөгү бак-дарак категориясындагы жерледи мөөнөтсүз 49 жылга ижара акысыз пайдаланууга берилип, 8035,0 миң сомдук бюджеттик жоготууга жол берилген фактылар боюнча материалдар, Көк-Таш айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылган курулуш иштериндеги 19254,5 миң сомдук бузуулар, 2815,0 миң сомдук негизсиз чыгымдар, “Көк-Таш техсервис” муниципалдык ишканасындагы 2010,0 миң сомдук каржы бузуулар жана “Көк-Таш тазалык” муниципалдык ишканасындагы 1385,0 миң сомдук каржы бузуулар, Көк-Серек айыл өкмөтүндөгү курулуш иштерине 16420,4 миң сомдук кошуп жазуулар, жалпы 52091,5 миң сомдук каржы бузуулар боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн, Жалал-Абад областтык прокуратурасына жөнөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы эл аралык гранттардын эсебинен заманбап маалыматтык технологиялык (IT) жабдуулары менен жаңыланды.

Жабдууларды презентациялоо иш-чарасы 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын аткаруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишиндеги процесстерди санариптештирүү жана автоматташтыруу максатында, 2023-жылдын 31-октябрында Эсептөө палатасында өткөрүлдү.

Аталган IT жабдуулар, КР Эсептөө палатасы мүчө болгон Азия жана Араб өлкөлөрүндөгү жогорку аудит органдарынын эл аралык уюмдары ASOSAI жана ARABOSAI тарабынан жарыяланган конкурска катышуунун жыйынтыгында, КР Эсептөө палатасы, анын төрагасы Алмазбек Шаршембиевич Акматовдун жетектөөсү алдында, жеңүүчүлөрдүн бири болуп табылып, берилген гранттардын эсебинен, сатылып алынды. 

Аталган гранттардын эсебинен заманбап ноутбуктар, сканерлер, принтерлер жана башка керектүү жабдуулар сатып алынды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылга аудитордук иш планына ылайык, 2022-жыл аралыгындагы Кара-Балта шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканаларынын ишине шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Кара-Балта шаарына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча – 5 млн 735,0 миң сом финансылык бузуулар аныкталды, анын ичинде:

- каражаттарды сарптоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 5 651,0 миң сом, анын ичинен:

  • эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 169,6 миң сом;
  • материалдык баалуулуктарды жана эсепке берме суммаларды эсептегенде, акча каражаттарын, негизсиз эсептен чыгаруу – 16,7 миң сом;
  • курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 2 317,0 миң сом;
  • эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз – 3 147,7 миң сом.

Бюджеттин кошумча эсептелген кирешелери – 84,0 миң сом, анын ичинде:

  •  бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 84,0 миң сом.  

Аныкталган бюджеттин рзервдери жана жоготуулары – 6 141,0 миң сом, анын ичинде:

  • товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгымдары-1 063,8 миң сом;
  • эмгек акыны төлөөдөгү бузуулар – 2 520,6 миң сом;
  • бюджетин башка резервдери жана жоготуулары – 2 556,6 миң сом.

Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 6 818,7 миң сом, анын ичинде:

  • ТМБнын нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар – 6 818,7 миң сом.

Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык бузуулар – 3 848,9  миң сом.

Аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Кара-Балта шаардык кеңешине маалымат, бардык аудит жүргүзүлгөн объектилерге жазма буйруктар жиберилди.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылга аудитордук иш планына ылайык, 2022-жыл аралыгындагы Чүй областынын Москва районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Москва районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча – 7 млн 630,8 миң сом финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинде: 

  • акча каражаттарынын жетпей калуусу жана уурдоолор – 9,4 миң сом.
  • каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 7 454,0 миң сом, анын ичинде:

•    эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 5 943,9 миң сом;

•    бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 318,5 миң сом;

•    курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 847,4 миң сом;

•   эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 344,2 миң сом;

  • бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 167,4 миң сом, алардын ичинен;

•  салык жана бажы мыйзамдарын бузуулар – 7,3 миң сом;

•   бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 160,1 миң сом.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары -9 587,0 миң сом, анын ичинде:

• товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары-83,7 миң сом;

• эмгек акы төлөөдөгү бузуулар – 243,6 миң сом;

• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары – 8 309,9 миң сом;

Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 7 493,4 миң сом, анын ичинде:

•   ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар-7 493,4 миң сом.

Москва районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине, уюмдарына жана ишканаларына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү.

“Таза айыл" муниципалдык ишканасынын (уюштуруучусу Беловодск айыл өкмөтү) жана “Таза көчө” муниципалдык ишканасынын (уюштуруучусу Садовое айыл өкмөтү) ишитерине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин материалдары укуктук баа берүү үчүн Чүй областынын прокуратурасына жиберилди.

Аудиттин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар, тиешелүү айылдык кеңештерге карап чыгуу үчүн жиберилди.

2023-жылдын 24-октябрында Баку шаарында, Азербайжан Республикасынын Эсептөө палатасынын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Төрагасы Алмазбек Акматов, аудиторлор Алимжан Байгазаков, Зарылбек Сатаев Азербайжандын Туруктуу Өнүгүү боюнча Улуттук Координациялык Кеңеши тарабынан уюштурулган Туруктуу өнүгүү максаттары "ТӨМ 2023 Глобалдык Саммиттин жыйынтыгы боюнча ой жүгүртүү жана ТӨМдөрдү ишке ашырууда жогорку аудит органдарынын ролу” темасында 3-диалогго катышышты.

Бул иш-чара Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн, Парламентинин, эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, ошондой эле Беларусь, Бразилия, Кувейт, Россия Федерациясы, Түркия жана Польша мамлекеттеринин Жогорку аудит жана контролдоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Мындан тышкары, жогорку аудит органдарынын делегациясынын жетекчилери, Азербайжан Республикасынын Парламентинин Төрагасы Сахиба Али кызы Гафарова жана Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов менен жолугушуу өткөрүлдү.

Панелдик талкуулардын жүрүшүндө Алмазбек Акматов Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууда, талдоодо жана аудитордук иш-чаралардын сапатын күчөтүүдө, методологиялык базаны өркүндөтүү, анын ишин тездетүү ролу жөнүндө, аудиттин эл аралык стандарттарына өтүү жана кызматкерлердин кесипкөйлүгүн өнүктүрүү реформалары боюнча айтып берди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Азербайжан Республикасынын Эсептөө палатасынын ортосунда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда аудит жүргүзүү боюнча маселелер жана тажрыйба алмашуу боюнча жумушчу топтун жолугушуусу болуп өттү.

2023-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Батиров Пардаали Ирандын Тегеран шаарында өткөн ECOSAI  Башкаруу кеңешинин 27-жыйынына жана ECOSAI Окутуу комитетинин 22-жыйынына катышты.

Сессиялардын жүрүшүндө ECOSAI ишмердүүлүгүнүн маселелери жана 2022-2023-жылдары өткөрүлгөн окуутуулар боюнча маалымат талкууланды. ECOSAI Башкаруучу кеңешинин отурумунун жыйынтыгында уюмдун 2022-2027-жылдарга стратегиялык планы бекитилди.

Маалымат үчүн: ECOSAI Башкаруу Кеңешинин (Экономикалык Кызматташтык Өлкөлөрүнүн Жогорку Аудит Институттарынын Уюму) курамына Кыргызстандын, Ирандын, Казакстандын, Пакистандын жана Түркиянын Жогорку аудит органдары кирет.