Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын өкүлдөрү Азия өнүктүрүү банкынын командасы менен КР Эсеп палатасынын потенциалын өнүктүрүү үчүн АӨБнын техникалык жардамынын багыттарын жана көлөмүн изилдөө боюнча жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу 3-ноябрда видеоконференция форматында өттү.

КР Эсеп палатасынын аппаратынын жетекчиси Нурпаис Осмонов маектешкендерге Эсеп палатасынын жалпы түзүмү жана уюштурулушу, Эсеп палатасынын кадрдык жактан камсыз болуусу жана потенциалы тууралуу айтып берди, ошондой эле финансылык отчеттуулуктун кесиптик стандарттары жөнүндө маалымат берди.

АӨБнын коомчулукту башкаруу боюнча улук адиси Анжум Исрар КР Эсеп палатасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мамлекеттик сектордун аудити жаатындагы адистеринин ишин жогору баалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кызыкдар тараптардын катышуусу менен аудит жүргүзүү потенциалына байланыштуу маселелерди талкуулашты, ошондой эле потенциалды жогорулатуу боюнча өнүктүрүүнү координациялоону талкуулашты.

Мындан тышкары, Азия Өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү коррупцияга каршы мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын 2022-2026-жылдарга стратегиялык өнүктүрүү планы менен таанышты, анда төмөнкүдөй артыкчылыктуу максаттар жана милдеттер камтылган: ISSAI ылайык аудит, тагыраак айтканда финасылык аудит, шайкештик жана натыйжалуулук аудити жана кызыкдар тараптардын өз ара катышуусун бекемдөө аркылуу мамлекеттик каржыны башкаруунун бир топ эффективдүү, ачык жана отчеттуу системасына көмөк көрсөтүү.

2020-2021-жылдарга Токмок шаарынын бюджеттерин түзүүгө жана аткарууга, Токмок шаарынын мэриясынын аппаратына жана анын түзүмдүк муниципалдык бөлүмдөрүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча 26 085,8 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Анын ичинен: негизсиз эмгек акы төлөө 13627,6 миң сомду түздү; материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу - 3589,3 миң сом; курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн ашыра баалоо — 737,9 миң сом; дебитордук эсеп боюнча жашырылган жана ашыкча көрсөтүлгөн кредитордук карыз – 1114,1 миң сом болгон.

Мындан тышкары резервдер жана бюджеттик жоготуулар – 6968,1 миң сомду түзгөн. Ошондой эле 101,1 миц сомдук каражаттарды ысырап кылуу фактылары аныкталган. Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык мыйзам бузуулар 1078,6 миң сомду түздү.

КР Эсеп палатасынын аймактык бөлүмүнүн отурумунун жыйынтыгы боюнча

Токмок шаардык кеңешине, ошондой эле Токмок шаарынын мэриясына көрсөтмөлөр жөнөтүлдү. Мындан тышкары, КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар башкармалыгына маалымат берилди. Текшерүүлөрдүн материалдары укуктук баа берүү үчүн Чүй облусунун прокуратурасына да жөнөтүлгөн.

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмү Талас шаарынын, Талас шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 2020-2021-жылдарга бюджеттерин даярдоону жана аткарууну текшерди. Текшерүү муниципалдык ишканаларда да өттү.

Бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 9174,7 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Негизсиз эмгек акы төлөө 175,7 миң сомду түзгөн. Мындан тышкары резервдер жана бюджеттик жоготуулар – 238,4 миң сом түзгөн.

Текшерүү материалдары каралган жыйындын жыйынтыгында Талас шаарынын мэриясына көрсөтмө жиберилди.

 

 

 

           

Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бюджеттерин түзүүгө жана аткарууга, ошондой эле 2020-2021-жылдарга муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен 14 770,1 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Негизсиз эмгек акы төлөөнүн суммасы 14713,5 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле бюджеттин резервдери жана чыгашалары – 2971,8 миң сом болгону аныкталды. Ал эми ысырап болгон каражаттар – 1192,8 миң сом болгону белгилүү болду.

Аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жыйынында каралды. Жыйынга Кара-Балта шаарынын мэри, ошондой эле шаардык муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик башкармалыгынын аудитинин материалдары Чүй облусунун прокуратурасына жөнөтүлүп, аларга юридикалык баа берилет.

 

 

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 2020-2021-жылдарга бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен 4479,9 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Финансылык мыйзам бузуулардын аныкталган суммасынын ичинен 3886,2 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, текшерүүнүн жүрүшүндө 3694,2 миң сом ордуна коюлган.

Мындан тышкары, 11341,1 миң сомдук резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталган.

Финансылык мыйзам бузуулардын эң ирилери:

- Балыкчы шаарынын мэриясы 567,8 миң сомго;

- Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы 3152,7 миң сомго;

- Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо муниципалдык ишканасы 620,3 миң сомго бузганы аныкталды.

Текшерүүлөрдүн материалдары Балыкчы шаарынын мэринин, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана каржы кызматкерлеринин катышуусунда аймактык бөлүмдүн коллегиясында каралды. Коллегиянын жыйынтыгы боюнча каржылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу максатында аларды жоюу боюнча тиешелүү мекемелерге көрсөтмөлөр жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, текшерүүнүн жүрүшүндө Балыкчы шаарынын мэриясынын (384,1 миң сом) жана шаардык кеңешинин (49,8 миң сом) техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акысына негизсиз кошумча үстөктөрдү төлөө фактысы аныкталган. Буга байланыштуу Балыкчы шаарынын прокуратурасына юридикалык баа берүү боюнча кат жиберилген.

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 2021-жылга Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жөнүндө отчетту бекитилди. 

Дипломаттык өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү болгон укук-ченемдик документтер, ички ченемдик документтер, каржы отчеттору иликтенди.  Аудитордук текшерүү Элчиликтин ишмердүүлүгү бардык аспектер боюнча бекитилиген мыйзам ченемдерине шайкеш келерин аныктады. 

Бирок Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2016-2018-жылдарга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча Эсептөө палатасынын Элчиликтин балансындагы 35 839 АКШ доллары суммасындагы өтмө калдык  боюнча («СБС-АГРО» Акционердик коммерциялык банктын векселин сатып алуу) жазма буйрукту аткарылбагандыгы аныкталган. Вексель Элчилик тарабынан 2002-жылдын августунда сатылып алынган, жана 14.08.2027-жылдан кеч эмес төлөнүүгө тийиш болчу. Элчиликтин архивинде векселди сатып алууну тастыктаган документтер жок болуп чыккан, ал эми «СБС-АГРО» АКБсы 2004-жылы жоюлган. РФнын Граждандык кодексинин 61-беренесине ылайык, юридикалык жакты жоюу, башка адамга укук мураскерлиги тартибинде укуктары жана милдеттери өткөрбөстүгүн баса белгилеп кетүү керек. Ошентип, «СБС-АГРО» АКБнын жоюлушуна байланыштуу анын бардык милдеттенмелери токтотулду. КР ТИМне КР Эсептөө палатасынын мурун жөнөтүлгөн жазма буйругун аткаруу боюнча чара көрүү жөнүндө сунуш кайрадан берилди.

Андан тышкары аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана КРнын РФдагы Элчилигине Элчиликтин эсеп иштеринин көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу кызматкерлердин санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин авто паркын жаңылоо маселеси жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсүүсү сунушталды. Көпкө пайдалануудан улам, 2019-2021-жылдары автомашиналарды оңдоого 36,8 миң АКШ доллары чыгымдалган. Көпкө пайдалануудан улам, автомобилдерди күтүү экономикалык жактан максатсыз жана натыйжасыз болуп эсептелет. 11 автомобилдин ичинен, 7 автомобиль нөлдүк баланстык наркка ээ, анын ичинен, 4 автомобиль 7 жылдан ашык пайдаланылууда.

    2022-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты.

    Жыйындын жүрүшүндө 2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде, 2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында, 2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити Отчеттору каралды.

    Ошондой эле 2019-2020-жылдарга карата  “Электр станциялары” Ачык акционердик коомунун жана анын филиалдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудит боюнча отчетту угушту.

    Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттин объектилерине аныкталган каржылык бузууларды четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө кемчиликтерди болтурбоо жөнүндө жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.

 

     19-октябрь - Эсептөө палатасынын уюшулган күнү.

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жетекчилиги жана эмгек жамааты кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы конфликтүү кырдаалдан жабыркаган Баткен областынын тургундарына жардам катары бир күндүк эмгек акыларын которуу чечимин кабыл алышты.

Төрага Алмазбек Шаршембиевич Акматов жетектеген Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын делегациясы эконмикалык кызматташуу өлкөлөрүнүн аудиттин жогорку органдарынын
IX Ассамблеясынын ишине  катышты, ал 2022-жылдын 25-августунан

Кенен маалымат...

Урматтуу мекендештер!  Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.  Эгемендүүлүк күнү - биздин өлкө үчүн абдан мааниси зор тарыхый майрам.

Кенен маалымат...

2022-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2021-жылдагы иши жөнүндө Отчёту каралды.

Кенен маалымат...

2022-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кенен маалымат...

    Үстүбүздөгү жылдын 7-июнунда КМШ мүчө мамлекеттеринин жана башка өлкөлөрдүн мамлекеттик  аудиттин (финансылык контролдоонун) жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин алкагында, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасы  уюштурган, тажрыйба алмашуу боюнча  “Санарип сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу жана маалыматтарды талдоонун санарип аспаптарын колдонуу” онлайн семинары болуп өттү.   

Кенен маалымат...

 Урматтуу кесиптештер!

    Сиздерди Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кенен маалымат...