Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кадрлар резервине кабыл алууга ачык конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу зарыл:
1) өздүк арыз ( esep.kg сайтында формасы жайгаштырылган );
2) кадрдын эсепке алуу боюнча барагы 4,5х6 өлчөмүндөгү сүрөтү менен (esep.kg сайтында формасы жайгаштырылган);
3) автобиография (esep.kg сайтында формасы жайгаштырылган);
4) резюме 4,5х6 өлчөмүндөгү сүрөтү менен (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
5) паспорттун көчүрмөсү (паспорттун оригиналы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
6) нотариус, же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
7) нотариус тарабынан, же иштеген жеринен күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
8) илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо).
*Конкурстук тандоого катышууну каалаган жарандар көктөмөгө тигилген документтерин берет.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар ачык конкурска катыша алышпайт.