Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Абдыкалыков Руслан Муратович - бөлүм башчысы

Байланыш маалыматтары: 323578, Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.


Түзүмдүк бөлүмдүн милдеттери

  • Эсептөө палатасынын аудитордук ишинин узак мөөнөттүү жана жылдык пландарынын долбоорлорун даярдайт жана аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
  • Эсептөө палатасынын аудитордук ишинин жыйынтыктары боюнча кварталдык жана жылдык статистикалык отчётторду даярдоо;
  • Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын жана сунуштарын аткаруу боюнча кварталдык жана жылдык отчётторду даярдоо;
  • Эсептөө палатасынын иши жөнүндө жылдык отчёттун долбоорун  даярдоо.

Түзүмдүк бөлүмдүн функциялары

  • Эсептөө палатасынын аудитордук ишинин узак мөөнөттүү жана жылдык пландарын иштеп чыгуу боюнча ишти уюштурат жана координациялайт; 
  • Эсептөө палатасынын стратегиялык өнүгүү планын иштеп чыгууга катышат;
  • Эсептөө палатасынын аудитордук ишинин узак мөөнөттүү жана жылдык пландарынын узак мөөнөттүү жана жылдык долбоорлорун даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кароосуна алып чыгат;   
  • Борбордук аппарат тарабынан жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктарына статистикалык каттоо жүргүзөт;
  • Аймактык бөлүнүштөрдүн аудитордук иши жөнүндө кварталдык отчётторду кабыл алат жана жалпы отчёт түзөт;
  • Түзүмдүк жана аймактык бөлүнүштөрдөн жазма буйруктардын жана сунуштардын аткарылышы боюнча кварталдык отчётторду кабыл алат жана жалпы отчётту түзөт;
  • Эсептөө палатасынын иши жөнүндө жылдык отчётту түзүү жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан бекитүү боюнча ишти уюштурат; 
  • Төраганын тапшырмасын, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин, бөлүмдүн компетенциясына кирген   маселелер боюнча аппарат жетекчисинин чечимдерин аткарат; 
  • Бөлүмдүн функцияларынан келип чыккан маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактардын кайрылуулары боюнча жоопторду карайт жана даярдайт;   
  • Эсептөө палатасынын ишин уюштурууга жана методология боюнча ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоого катышат да сунуш киргизет;  
  • Төраганын буйруктарынын жана Эсептөө палатасынын жана башка тескөөчү документтердин, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин токтомдорунун, протоколдордун, каттардын жана башка  бөлүмдүн функцияларынан келип чыккан маселелер боюнча жана башка кызматтык документтердин долбоорлорун даярдайт; 
  • Бөлүмдүн ишинин жыйынтыгы боюнча тартип жазаларын берүү, материалдык дем берүү чараларын көрүү жөнүндө бөлүмдүн кызматкерлеринин ишинин жыйынтыгы боюнча сунуштарды белгиленген тартипте алып чыгат.