Абакирова Бактыгул Кубанычбековна - бөлүм башчысы
байланыш маалыматтары: 325358, Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Түзүмдүк бөлүмдүн милдеттери
- Эсептөө палатасын кесипкөй адистер менен камсыздоого, кадрларды тандоого, туура жайгаштырууга, окутууга, квалификациясын жогорулатууга, кадр резервдерин түзүүгө, пайдаланууга жана өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик кадыр саясатын жүргүзүү;
- адам ресурстарын башкарууну өнүктүрүү жана кадырларды башкаруу, штаттык санды жана түзүмдү оптималдоо тандоого, Эсептөө палатасынын максаттуу комплекстүү саясатын иштеп чыгууга катышуу;
- кызматтык документтерди мамлекеттик тилге которууну камсыздоо;
- бөлүмдүн функцияларына тиешелүү маселелер боюнча Эсептөө палатасынын төрагасынын жана аппаратынын жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткарууну камсыз кылуу
Түзүмдүк бөлүмдүн милдеттери
- бош кызмат ордуна конкурстук тандоону өткөрүүнү уюштурат жана мамлекеттик кызматчыларды кызматтык жылдыруу маселеси боюнча сунуштарды киргизет;
- кызматкерлерди кызматка дайындоодо, ротациялоодо (которуу) жана ээлеген кызматынна бошотууда документтерди тариздейт;
- карьералык пландоо боюнча ишти жүзөгө ашырат;
- кадрлардын резервин түзөт жана аны жүргүзөт;
- кадрларды тандоону жана эсепке алууну уюштурат, кадр маселелери боюнча иш кагаздарын жүргүзөт;
- эмгек тартибин камсыз кылуу, баалоо жана конкурстарды өткөрүү менен байланышкан иштерди уюштурат;
- мамлекеттик жарандын кызматты жана муниципалдык кызматты өтөөгө байланышкан чектөөлөрдү сактоону камсыз кылат;
- кызматчылар тарабынан декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтарга алгачкы баалоо жүргүзүүнү (верификация, валидация) камсыз кылат;
- кадрларды окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;
- кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча ишти уюштурат;
- кызматчыларды жүйөлөштүрүү тутумун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизет;
- кызматчыларды ротациялоо схемасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
- кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
- көзөмөлдөнгөн иш чөйрөсүн жөнгө салуучу, Эсептөө палатасынын тескөөчү документтерин жана ченемдик-укуктук, жергиликтүү актыларынын долбоорун иштеп чыгат;
- Эсептөө палатасынын уюштурулган түзүмүн жакшыртуу боюнча иштерди уюштурат жана жүргүзөт;
- иштеп жаткан кадрлардын курамы, ошондой эле кадрлар резервине киргизилген адамдар жөнүндө маалыматтар базасын түзөт жана жүргүзөт;
- мамлекеттик кызматты өтөө, кадырлар иштөө, кадрлардын сапаттуу курамы жөнүндө отчётторду статистикалык жана башка отчётторду түзөт жана өз убагында берет;
- Эсептөө палатасынын сыйлыктарына, мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын сыйлыктарына, мамлекеттик сыйлыктарга карата керектүү материалдарды чогултууну уюштурат жана материалдарды тариздейт жана аларды каттайт;
- мамлекеттик кызматчыларга мамлекеттик ченди ыйгаруу жана кызматкерлердин иш сиажын эсептөө үчүн документтерди даярдайт;
- кызматкерлерди окутуу муктаждыгына жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга талдоо жүргүзөт;
- кадрларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуунун жыл сайынкы планын иштеп чыгат жана ишке ашырууну камсыздайт, Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин ишинин жыйынтыгы боюнча окутуу таасирин изилдейт;
- мамлекеттик кызматчылардын ант берүүсүн жана кайрадан жумушка кабыл алынган кызматкерлердин адаптациялоо процессин уюштурат;
- кадр маселеси боюнча иш кагаздарын жүргүзөт жана бөлүмдүн иш номенклатурасын иштеп чыгат;
- жеке курам, сыйлоо жана тартиптик жаза берүү, эмгек өргүү, Эсептөө палатасынын жетекчилигинин командировкалары, кызматкерлерди окутуу маселелери боюнча буйруктардын долбоорлорун даярдайт жана аларды каттайт, ошондой эле аткаруучуларга жеткирет;
- эмгек китепчелерин тариздейт, сактайт жана берет, аларга керектүү жазууларды өз учурунда киргизет;
- кызматкерлердин өздүк көктөмөлөрүн түзөт жана өз убагында толуктайт;
- бөлүнүштөрдүн жетекчилеринин сунуштары боюнча кызматкерлердин эмгек өргүү графиктерин түзөт, аны профсоюз комитети менен макулдашат, Эсептөө палатасынын төрагасы бекитет жана анын аткарылышын контролдойт;
- кызматтык күбөлүктөрдү тариздейт, аларга эсеп жүргүзөт жана Эсептөө палатасынын кызматкерлерине берет;
- Эсептөө палатасынын кызматкерлерине дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун берилишине жана өткөрүлүшүнө каттоо жүргүзөт;
- Эсептөө палатасынын төрагасынын буйруктарын белгиленген тартипте каттайт, аткаруучуларга жөнөтөт жана сактайт;
- Эсептөө палатасынын төрагасынын буйруктардын жана аппарат жетекчисинин бөлүмдүн функциясына тиешелүү маселелер боюнча тапшырмаларынын аткарылышын контролдоону камсыздайт;
- кадрлардын жыйынтыкталган жайгаштыруусун жана убакытты эсепке алуу табелин даярдайт;
- мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын суроо-талаптарын жана жарандардын кайрылууларын карайт жана аларды кароого катышат;
- Эсептөө палатасында түзүлгөн кызматтык документтерди мамлекеттик тилге которууну жүзөгө ашырат;
- Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүштөрүнүн иш кагаздарын мамлекеттик тилге которуу боюнча ишти уюштурат;
- мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча иштерди аткарат;
- жетүү мүмкүнчүлүгүн алуу боюнча кызматкерлерге материалдарды тариздейт;
- Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын жашыруун иш кагаздарын жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Кадр кызматынын жана Эсептөө палатасынын расмий сайтына жайгаштыруу үчүн, бөлүмдүн тиешелүү документтерин белгиленген тартипте даярдоону жана жөнөтүүнү камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумуна, бөлүмдүн кароосунда турган маселелер боюнча жүргүзүлгөн комиссиянын жана жумушчу топторунун отурумдарына, кеңешмелерге катышат;
- кызматкерлердин иш-аракети жөнүндө маалымкат берет;
- Бөлүмдөрдүн жетекчилери менен бирге, ички эмгек күн тартибинин эрежелерин кызматкерлердин аткарышын контролдойт.