Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдүн жетекчиси:

1) аймактык бөлүмдүн ишине жетекчилик кылат жана анын ишин уюштурат;

2) аймактык бөлүмдүн иш планын иштеп чыгат жана Эсептөө палатасынын Кеңешине бекитүүгө берет;

3) аймактык бөлүмдүн отурумун алып барат жана анын чечимине кол коет;

4) аймактык бөлүмдүн кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды жана буюртмаларды өз компетенциясынын чегинде чыгарат;

5) аймактык бөлмдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн аудит отчётторуна кол коет;

6) аудитти жүргүзүү мөөнөтүн 21 күндөн ашпаган убакытка узартат. Андан кийинки узартуу Эсептөө палатасынын төрагасынын макулдугу менен жүргүзүлөт;

7) аймактык бөлүмдүн кызматкерлерин сыйлоо боюнча сунуштарды киргизет;

8) бюджеттик укукту жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет;

9) аймактык бөлүмдүн тейлөөчү персоналын жумушка кабыл алат жана бошотот;

10) аймактык бөлүмдүн кызматкерлерине карата тартип өндүрүшүн козгойт.

Аймактык бөлүмдүн жетекчиси төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) аймактык бөлүмдүн ишине жетекчилик кылууга жана анын ишин уюштурууга жана контролдоого;

2) аймактык бөлүмдүн отурумдарына жетекчилик кылууга жана уюштурууга;

3) Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдүн компетенциясынын чегинде, аудит жөнүндө отчётторду жана башка отчётторду Эсептөө палатасынын борбордук аппаратына  берүүгө;

4) Эсептөө палатасынын төрагасына аймактык бөлүмдүн иши жөнүндө маалымат берүүгө;

5) Эсептөө палатасынын Кеңеш отурумуна  Эсептөө палатасынын төрагасы менен макулдашып,  айрым аудиттер боюнча отчёттордун долбоорлорун алып чыгууга;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, укуктук-ченемдик актыларын жана ушул Мыйзамдын ченемдерин сактоого.