Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 2-августу № 164

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө

Ушул Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоого байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү

Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылат:

1) саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга;

2) административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга;

3) аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын жана дипломатиялык кызматтардын кызматкерлерине;

4) саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдарга;

5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына жана анын орун басарларына.

2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жарандык, үй-бүлөлүк жана башка тармактарынын ушул Мыйзамда пайдаланылуучу институттары, терминдери жана аныктамалары, эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, мыйзамдардын бул тармактарында пайдаланылган маанисинде колдонулат.

2. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:

1) жакын туугандар - жубайы, жашы жете элек балдары; декларанттын багуусунда же болбосо толук камкордугунда турган, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларант тарабынан багылууга укугу бар адамдар; жашоосуна, билим алуусуна, саламаттыгын сактоосуна чыгымдарын жана башка зарыл чыгымдарын жабуу бөлүгүндө декларанттар финансылык сарптоолорду тарткан жашы жеткен балдары, ата-энелери, бир туугандары;

2) декларант - ушул Мыйзамга ылайык, ага, ошондой эле анын жакын туугандарына таандык кирешелер, чыгымдар, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө маалыматтарды камтыган декларацияны (мындан ары - декларация) берүүгө милдеттүү адам;

3) отчеттук жыл - тиешелүү жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки мезгил;

4) учурдагы жыл мезгили - төмөнкүдөй мезгилдер:

а) декларант мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеп турууну же аны ээлөөнү баштаган айдын биринчи күнүнөн тартып, ошол жылдын 31-декабрына чейинки;

б) 1-январдан тартып декларант мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеп турууну же аны ээлөөнү токтоткон айдын акыркы күнүнө чейинки.

3-берене. Декларацияда көрсөтүлүүгө жаткан мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар

1. Декларацияда Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары турган жана декларантка жана анын жакын туугандарына менчик укугунда таандык мүлк жөнүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

1) кыймылсыз мүлк;

2) кыймылдуу мүлк:

а) автотранспорттук каражаттар;

б) маданий баалуулугу бар менчиктер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эски буюмдар катары таанылган буюмдар;

в) улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары;

г) баалуу кагаздар;

д) мал жана башка жандыктар;

е) зер буюмдар, асыл жана жарым-жартылай асыл металлдар;

ж) жарандарга жана уюмдарга карата финансылык жана башка мүлктүк талаптар;

3) уюмдардагы капиталдын аларга таандык үлүшү.

2. Эгерде декларанттын жарандар менен юридикалык жактардын алдында финансылык милдеттенмелери болсо, декларацияда бул жөнүндө маалыматтар дагы, милдеттенмелердин суммасынын өлчөмүн кошуп алуу менен көрсөтүлүүгө тийиш.

4-берене. Декларацияда көрсөтүлүүгө жаткан кирешелер жана чыгымдар, кирешелерди алуу булактары жөнүндө маалыматтар

1. Декларацияда декларанттын жана анын жакын туугандарынын Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары отчеттук жылдагы же учурдагы жыл мезгилиндеги кирешелери жана чыгымдары, ошондой эле кирешелерди алуунун жана чыгымдарды тартуунун негиздери көрсөтүлөт.

2. Төмөнкүлөр катары алынган мүлк жана улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы суммалар декларанттын жана анын жакын туугандарынын кирешелери болуп саналат:

1) эмгек үчүн акы жана ага теңештирилген башка төлөмдөр;

2) автордук укук үчүн төлөмдөр жана адабият чыгармаларын, көркөм жана илимий иштерди пайдалангандык үчүн же кайсы болбосун автордук укуктун натыйжасында келип чыгуучу пайдалануу укугу үчүн, кайсы болбосун ноу-хауну, соодалык марканы, түзүлүштү же кайра чыгарылышты, планды, жашыруун формуланы же технологиялык процессти, компьютерлер жана маалыматтар базалары үчүн программаны, өнөр жайлык, коммерциялык же илимий жабдууну пайдалангандык же пайдалануу укугу үчүн же өндүрүштүк, техникалык, уюштуруучулук, коммерциялык же илимий мүнөздөгү маалыматты бергендик үчүн алынган сый акылар (автордук гонорар);

3) карыз бергендик үчүн чегерилген пайыздар же компенсациялардын башка түрлөрү;

4) дивиденддер, пайыздар;

5) казинодон жана кумар оюндарынан алынган кирешелер (утуштар);

6) мелдештерде жана конкурстарда алынган белектер же акчалай төлөмдөр (акчалай байге), ошондой эле лотереядагы утуштар;

7) белек же материалдык жардам катары алынган мүлк (акча каражаттарын кошуп алганда);

8) мурас катары алынган мүлк (акча каражаттарын кошуп алганда);

9) уюм тарабынан жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрү (камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдү кошуп алганда);

10) ишкердик иштен алынган кирешелер;

11) жарандык-укуктук бүтүмдөрдөн алынган сый акылар жана башка кирешелер;

12) жөлөкпулдардын, стипендиялардын, пенсиялардын жана бир жолку төлөмдөрдүн бардык түрлөрү;

13) жогоруда көрсөтүлбөгөн кайсы болбосун башка булактардан кирешелер.

3. Эгерде өлчөмү (наркы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн 1000 эселенген өлчөмүнөн ашса, ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-8 жана 11-пункттарында көрсөтүлгөн маалыматтар декларацияланууга жатат.

4. Эгерде наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн 3000 эселенген өлчөмүнөн ашса, декларанттын жана анын жакын туугандары тарабынан менчик укугун же ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мүлккө болгон башка укукту сатып алуу боюнча бүтүм, ошондой эле көрсөтүлгөн бүтүмдү жасоого жумшалган каражаттарды алуунун булактары алардын чыгымдары деп эсептелет.

5. Эгерде декларанттын же анын жакын туугандарынын пайдасына жана алардын ыктыяры менен жарандар же юридикалык жактар тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлсө, декларацияда бул жөнүндө маалыматтар төлөмдөрдүн суммасынын өлчөмүн кошуп алуу менен көрсөтүлүшү керек.

5-берене. Декларациянын формасы, аны толтуруунун тартиби, берүүнүн мөөнөттөрү жана ыкмасы

1. Декларация отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирилбестен декларант тарабынан, анын паспорттук маалыматтарына ылайык жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органына берилет.

Декларация электрондук түрдө жана салык мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.

Декларант отчеттук жыл үчүн мурда берилген декларацияга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-июнунан кечиктирбестен киргизе алат.

2. Кызмат ордуна шайланганда же болбосо дайындалганда, кызмат ордун ээлеп турганда же кызмат ордунан бошотулганда учурдагы жылдын мезгили үчүн декларация ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттө берилет.

3. Декларациянын формасы, аны толтуруунун жана берүүнүн тартиби, кирешелердин, чыгашалардын, мүлктүн жана милдеттенмелердин классификатору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленилет.

6-берене. Салык кызматынын органдарынын ыйгарым укуктары

1. Салык кызматынын органдары:

1) декларанттардын жана алар берген декларациялардын эсебин жүргүзөт;

2) берилген декларациялардагы маалыматтардын доонун эскирүү мөөнөтү ичинде салык мыйзамдарына ылайык сакталышын жана ушул Мыйзамга ылайык жарыяланууга жатпаган маалыматтардын жашырындыгын камсыз кылат;

3) декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды декларанттын кирешелери, чыгашалары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды чагылдыруунун аныктыгына жана толуктугуна карата иликтейт жана талдайт;

4) зарыл болгон учурда декларанттын, ошондой эле анын жакын туугандарынын  кирешелери, чыгашалары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтарды берүү жөнүндө мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга, чет мамлекеттерге, жарандарга суроо-талаптарды жөнөтөт;

5) ар жыл сайын 1-октябрга чейин декларанттардын декларацияларды берүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет;

6) иши улуттук коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарды кошпогондо, саясий, атайын, жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий жана жогорку административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгашалары жана мүлктөрү жөнүндө жыйынды маалыматтарды расмий бюллетенге жарыялайт;

7) ведомстволук сайтта төмөнкүлөрдү жайгаштырат:

а) декларациянын формасын, аны толтуруунун тартибин, кирешелердин, чыгымдардын, мүлктүн жана милдеттенмелердин классификаторун;

б) ушул бөлүктүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар боюнча жыйынды маалыматтарды;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка ыйгарым укуктарды аткарат.

2. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууга байланышкан мамлекеттик кызмат орундарынын тизмеги, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар боюнча жыйынды маалыматтардын параметрлери, ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар боюнча маалыматтардын тизмеги, декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды иликтөөнүн жана талдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

7-берене. Салык кызматынын органынын декларант кесиптик ишин жүзөгө ашырып жаткан орган менен өз ара аракеттенүүсү

1. Салык кызматынын органы декларант кесиптик ишин жүзөгө ашырып жаткан орган менен ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар жөнүндө маалыматтарды алуу жолу менен өз ара аракеттенет.

2. Декларант кесиптик ишин жүзөгө ашырып жаткан орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мөөнөттө жана тартипте салык кызматынын органына тийиштүү маалыматтарды берет.

8-берене. Маалыматтардын жашыруундуулугу

1. Декларацияда камтылган кирешелер, чыгашалар, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө жыйынды маалыматтарды кошпогондо, декларант жөнүндө салык кызматынын органдары же алардын кызмат адамдары алган кайсы болбосун маалыматтар маалыматтардын жашыруундуулугун түзөт.

2. Маалыматтардын жашыруундуулугу салык кызматынын органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан жарыя кылынууга жатпайт, мында маалыматтар төмөндөгүлөргө берилген учурлар кошулбайт:

1) салык кызматынын органдарынын башка кызмат адамдарына алардын ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарын аткаруусунун жүрүшүндө же аларды аткаруу максатында;

2) укук коргоо органдарына тийиштүү декларацияны бербөө же болбосо ага билип туруп бурмаланган маалыматтарды киргизүү жолу менен салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык козголгон жазыктык иштер боюнча декларантка жана/же анын жакын тууганына карата гана жазуу жүзүндө берилген кайрылуулардын негизинде;

3) сотко декларант жана/же анын жакын тууганы тарап катары чыккан, тийиштүү декларацияны бербөө же ага билип туруп бурмаланган маалыматтарды киргизүү жолу менен салык төлөөдөн декларанттын жана/же анын жакын тууганынын баш тарткандыгынын фактысы боюнча талаштын маңызына тикелей тиешеси бар бөлүгүндө соттук териштирүүнүн жүрүшүндө;

4) башка өлкөнүн мамлекеттик органына Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, декларантка жана/же анын жакын тууганына карата жашыруун маалымат болуучу маалыматтарды декларанттын нотариаттык күбөлөндүрүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен башка адамга ачыктоого мүмкүн.

4. Ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкары, өздөрүнүн милдеттерин аткарууда мамлекеттик, укук коргоо органдарынын кызмат адамдарына белгилүү болгон, декларант жана/же анын жакын тууганы жөнүндө маалыматты пайдалануу же башка адамга берүү маалыматтардын жашыруундуулугун жарыя кылууга кирет.

5. Салык кызматынын органдарына келип түшкөн, маалыматтардын жашыруундуулугун түзүүчү маалыматтар салык кызматынын органынын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечими менен аныкталуучу сактоонун жана жеткиликтүүлүктүн атайын режимине ээ болууга тийиш.

Маалыматтардын жашыруундуулугун түзүүчү маалыматтарга жеткиликтүүлүккө салык кызматынын органынын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечими менен аныкталуучу кызмат адамдары ээ болууга тийиш.

6. Салык кызматынын органдары, алардын кызмат адамдары, ошондой эле мурда салык кызматынын органдарынын кызмат адамы болуп саналган адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда алган, декларантка жана анын жакын тууганына тиешеси бар кайсы болбосун маалыматты жашыруун сактоого милдеттүү.

7. Ушул беренеде каралган учурларды копшогондо, мамлекеттик жана укук коргоо органдарына маалыматтардын жашыруундуулугун түзүүчү маалыматтарды жана документтерди салык кызматынын органдарынан талап кылуусуна тыюу салынат.

9-берене. Ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандык үчүн жоопкерчилик

1. Декларацияны белгиленген мөөнөттө бербеген, декларацияны толук эмес жана/же анык эмес маалыматтарды көрсөтүү менен берген учурда, декларант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттөн кийин декларацияны берген, берилген декларацияда толук эмес жана/же анык эмес маалыматтар болгон учурларда салык кызматынын органы бул адамдар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат жарыялайт жана тийиштүү материалдарды Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына жөнөтөт.

3. Жыйынды маалыматтарды жана ушул Мыйзамда каралган маалыматтарды кошпогондо, декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтарды жарыя кылуу боюнча укук ченемсиз аракеттер жасалган учурда салык кызматынын органынын кызмат адамы мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Мамлекеттик органдардын ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 7-бөлүгүнүн талаптарын бузган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

10-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам 2017-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Саясий, атайын мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызмат орундарын ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 7-августундагы № 108 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 514-ст.);

2) "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 28-декабрындагы № 223 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 12, 1108-ст.);

3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын 10-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2775-ст.);

4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-февралындагы № 22 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 2, 121-ст.);

5) "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 8-майындагы № 68 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 497-ст.);

6) "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 20-июлундагы № 177 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1012-ст.).

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Атамбаев

 

2017-жылдын 22-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган