Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2015-жылдын 16-сентябрындагы
№ 642 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө
ТИПТҮҮ ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун (мындан ары - Ыйгарым укуктуу) ишинин негизги багыттарын, коррупцияга каршы саясатты иш жүзүнө ашыруу боюнча координацияны жүзөгө ашыруудагы укуктарын жана милдеттерин аныктайт.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлейт.

3. Ыйгарым укуктууну кызматка дайындоо, кызматын өтөөсү жана кызматынан бошотуу (бошотуу) Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.

4. Ыйгарым укуктуу өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, конституциялык мыйзамдарды, мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, жалпыга таанылган принциптерди жана эл аралык укуктун ченемдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

5. Ыйгарым укуктуу өз ишин статс-катчы, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин орун басары, аппарат жетекчиси, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, башка кызмат адамдары, адам ресурстарын башкаруу кызматы (кадрдык бөлүнүштөр), этика боюнча комиссиялар, түзүмдүк бөлүмдөр жана ведомстволук мекемелер, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюмдары менен өз ара байланышта жүргүзөт.

2. Ыйгарым укуктуунун милдеттери

6. Ыйгарым укуктуунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (мындан ары - орган) ишин координациялоо;

- коррупциянын алдын алуу чараларын киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

- коррупцияга каршы чаралардын ишке ашырылышына алгачкы мониторинг жүргүзүү;

- органдын тутумунда коррупциянын алдын алуу чараларын методологиялык жана консультациялык коштоо.

3. Ыйгарым укуктуунун иш-милдеттери

7. Ыйгарым укуктуу төмөнкүдөй иш-милдеттерди ишке ашырат:

- органда коррупциялык тобокелдиктерди баалайт жана башкарат, аныкталган тобокелдиктерди азайтуу жана жоюу (башкаруу) боюнча сунуштарды даярдайт;

- кызыкчылыктардын кагылышынын келип чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзөт;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жүрүм-турумдарынын этикалык стандарттарын жана үлгүлөрүн, ак ниеттүү башкаруу принциптерин жайылтуу боюнча иштерди аткарат;

- түзүмдүк, ведомствого караштуу бөлүнүштөр менен бирге мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы программасын жана планын иштеп чыгып, алардын аткарылуу процесстерин координациялайт;

- органдын бөлүнүштөрүнүн арыздар, жарандардын жана юридикалык жактардын, анын ичинде "ишеним телефону" жана электрондук почта аркылуу келип түшкөн кайрылуулар менен иштөө боюнча ишинде коррупциялык фактылар жөнүндө маалыматтардын бар же жок экендигине талдоо жүргүзөт;

- органдын жетекчисине төмөнкүдөй маселелер боюнча материалдарды даярдайт жана сунуштайт: коррупция көйгөйлөрүнө, коррупциялык факторлорго жана коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу чараларына арналган жалпыга маалымдоо каражаттарындагы макалаларга мониторинг жүргүзүү; жарандардын жана юридикалык жактардын коррупциялык кол салуулардан коргоо боюнча кайрылууларын карап чыгуу иштерин талдоо; коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү органдын өкмөттүк эмес уюмдар жана көз карандысыз эксперттер менен өз ара аракеттенүү;

- органдын кызматкерлерин (персоналын, жумушчуларын) коррупцияга каршы окутууну уюштурат, ошондой эле аларга жекече кеңеш берет;

- кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алууга же жөнгө салууга, ошондой эле "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдердин аткарылышын сактоого багытталган чектөөлөрдүн, тыюу салуулардын жана талаптардын органдын кызматкерлери (персоналдар, жумушчулар) тарабынан сакталышын камсыздоодо адам ресурстарын башкаруу кызматына (кадрдык бөлүнүштөргө) көмөк көрсөтөт;

- кызматкерлердин коррупциялык укук бузууларды, анын ичинде кызыкчылыктардын кагылышына байланыштуу иштерди жасоого аракет кылган факторлорду эсепке алуу жана аларга мындай жагдайларда зарыл болгон чараларды көрүү маселелери боюнча кеңеш берет;

- органдын ишиндеги ачыктыкты жогорулатууга жана маалыматтын айкындуулугун камсыз кылууга көмөктөшөт;

- органда коррупциянын алдын алуу процессине жарандык коомдун институттарын тартуу боюнча иш-чараларды өткөрөт;

- ишке ашырылып жаткан алдын алуу чаралары жөнүндө калк арасында коррупцияга каршы үгүттөө жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн программасын жана планын иштеп чыгат;

- кызматтык иликтөө жүргүзүү, кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө декларацияларды карап чыгуу жана талдоо боюнча комиссиялардын, ошондой эле этика боюнча комиссиянын ишине катышат;

- органдагы коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин жана кызыкчылыктардын кагылышынын типтүү жагдайларынын маалымат базасын түзөт;

- мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин ишин уюштурат.

4. Ыйгарым укуктуунун укуктары

8. Ыйгарым укуктуу өзүнүн иш-милдеттерин натыйжалуу камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:

- мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнөн талдоо жүргүзүү үчүн керектүү маалыматтарды тоскоолдуксуз сурап алууга;

- коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштурууга;

- коррупцияга каршы чаралар иш жүзүнө талаптагыдай эмес ашырылган учурлар жөнүндө мамлекеттик органдын жетекчилигине билдирүүгө;

- коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү жана аныкталган коррупциялык схемаларды жоюу боюнча мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары кароого милдеттүү болгон сунуштарды киргизүүгө.

5. Ыйгарым укуктуунун милдеттери

9. Өз иш-милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн Ыйгарым укуктууга төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:

- Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча программанын, иш-чаралар планынын жана ведомстволук пландардын ишке ашырылышын баалоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөрүнө берүү үчүн квартал сайын органдын отчетун түзүү;

- органдын коллегиясында каралууга тийиш болгон маалыматтарды жыл сайын берүү.