Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2004-жылдын 13-августу N 117

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө

(КР 2007-жылдын 4-июнундагы N 77, 2008-жылдын 7-июлундагы N 139, 2008-жылдын 21-июлундагы N 163, 2008-жылдын 15-октябрындагы N 213, 2009-жылдын 26-январындагы N 26, 2011-жылдын 18-февралындагы N 2, 2011-жылдын 14-июлундагы N 100, 2012-жылдын 14-майындагы N 53, 2013-жылдын 19-июлундагы N 152, 2014-жылдын 18-февралындагы № 30, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын статусун максаттарын, милдеттерин, принциптерин функциясын ыйгарым укуктарын, укуктарын жана милдеттерин аныктайт.

I Глава
Жалпы жоболор

1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги аныктамалар

Мамлекеттик аудит - аудит боюнча мамлекеттик бийлик органынын мамлекеттик ресурстарды (финансылык, материалдык ж.б.) башкаруу боюнча ишмердиги, анын максаты мамлекеттик каражаттарды жана мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугу, финансылык отчет түзүүнүн жана бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн тууралыгы финансылык тартип бузуулардын алдын алуу болуп эсептелет.

Аудит - көз карандысыз жана кесипкөй баа берүү, ошондой эле аудит жүргүзүүчү субъект тарабынан даярдалган маалыматтын тууралыгы жана ишенимдүүлүгү жөнүндө отчет берүү.

Аудиттин түрлөрү - финансы аудити, шайкеш келүү аудити жана натыйжалуулук аудити.

Финансы аудити - аудиторго бардык финансы отчеттуулугу мыйзам талаптарына жана бухгалтердик стандарттарга ылайык даярдалгандыгы жөнүндө пикирин билдирүүгө мүмкүндүк берген аудит объектинин финансы отчеттуулугун жана эсепке алуу системасын изилдөө жана талдоо.

Шайкеш келүү аудити - аудит объекти тарабынан анын ишин жөнгө салган мыйзамдарды сактоосуна баа берүү.

Натыйжалуулук аудити - аудит объектинин ишинин үнөмдүүлүгүн, өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун изилдөө жана талдоо.

Тышкы аудит - ички аудиттин натыйжалуулук аудитин кошкондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчет берүүсүнө, анын ишинин натыйжалуулугуна аудит жүргүзүүгө чакырылган мамлекеттик аудиттин жогорку органынын көз карандысыз функциясы.

Ички аудит - ички контроль системасынын адекваттуулугуна жана натыйжалуулугуна, финансылык жана башкаруучулук маалыматтын ишенимдүүлүгүнө жана тууралыгына, ишмердиктин жана башкаруунун натыйжалуулугуна, үнөмдүүлүгүнө жана эффективдүүлүгүнө, активдердин сакталышына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына талдоону, баалоону жана мониторингди өзүнө камтыган ички аудит объектисинин ичинде аткарылуучу көз карандысыз жана калыс функция.

Алдын ала изилдөө - аудит жүргүзүүгө ыйгарым укук алынганга чейин статистикалык, финансылык жана бухгалтердик отчетторду алуу;

Эсептөө палатасынын мүчөсү - Эсептөө палатасынын аудитору - ушул Мыйзамда белгиленген Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктарын аткаруу жана камсыз кылуу боюнча тийиштүү алкакта милдеттери бар мамлекеттик кызмат орун;

Бюджеттен тышкаркы каражаттар - 1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге киргизилбеген жана белгилүү бир максат боюнча пайдаланылган мамлекеттик акча каражаттары, 2) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден бөлүнбөгөн, башка булактардын эсебинен түзүлгөн мекемелер менен уюмдардын карамагында турган каражат.

Атайын каражаттар - бюджеттик мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринен бөлүнгөн каражаттардан тышкары алынган каражаттар. Продукция сатып өткөрүүдөн, иш аткаруудан, кызмат көрсөтүүдөн же башка иш жасоодон бюджеттик мекемелер алган кирешелер атайын каражаттар болуп саналат.

Каражаттарды максатсыз пайдалануу - республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын, ошондой эле бюджеттен тышкаркы жана атайын каражаттарды багытынан башкага пайдалануу.

Каражаттарды натыйжасыз пайдалануу - республикалык жана жергиликтүү бюджетти, ошондой эле бюджеттен тышкаркы жана атайын каражаттарды сарамжалсыз, үнөмсүз жана натыйжасыз пайдалануу.

Операциялык иш - ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин акчалай түшүү булагы болуп саналган анын иши;

Финансы дисциплинасы - экономикалык иштин бардык субъекттери жана алардын кызмат адамдары үчүн мамлекеттик каражаттарды пайдалануу менен байланыштуу болгон милдеттүү тартип;

Мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуунун чоң үлүшү - жеке жана менчиктин башка түрүндөгү ишканалар менен уюмдардагы мамлекеттик жана/же муниципалдык катыштын 51 пайызды жана андан ашыкты түзүшү.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы N 213, 2011-жылдын 18-февралындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-статья. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзамдар

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын (мындан ары - Эсептөө палатасы) ыйгарым укуктары, уюштурулушу жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, башка мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

Мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудит жүргүзүүгө тиешелүү маселе "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

Эсептөө палатасы өз ишинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдердин жана макулдашуулардын ченемдерин колдонот. Эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эларалык келишимдерде жана макулдашууларда, ушул Мыйзамда камтылгандан башка эрежелер белгиленсе, эларалык келишимдердин жана макулдашуулардын эрежелери колдонулат.

Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган өзүнүн ички иштери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген Эсептөө палатасынын Регламентин кабыл алууга укуктуу.

(КР 2009-жылдын 26-январындагы N 26, 2011-жылдын 18-февралындагы N 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-статья. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын статусу

(Статьянын аталышы КР 2008-жылдын 15-октябрындагы N 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Эсептөө палатасы мамлекеттик аудиттин көзкаранды эмес жогору турган органы болуп саналат.

Эсептөө палатасы юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар, аталышы жана өздүк символикасы көрсөтүлгөн мөөргө ээ.

Эсептөө палатасынын туруктуу турган жери Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаары болуп саналат.

Эсептөө палатасы аймактык бөлүмдөрүнө ээ. Аймактык бөлүмдөрдүн уюштурулушу жана иши Эсептөө палатасы жөнүндө мыйзам менен жөнгө салынат.

Эсептөө палатасы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы N 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья Эсептөө палатасынын ишинин максаты

Эсептөө палатасынын ишинин негизги максаты аудит жана аудиттин натыйжалуулугу: республикалык бюджеттин аткарылышына, жергиликтүү бюджетти, бюджеттен тышкаркы жана атайын каражаттарды түзүүгө жана аткарууга, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдаланууга баа берүү, мамлекеттик аудиттин эл аралык стандарттарын камсыз кылуу жана ишке ашыруу болуп саналат.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы N 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары колдонулуучу чөйрөсү

Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын аймагында гана колдонулат. Чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мамлекеттик уюмдардын аудити жана аудиттин натыйжалуулугу гана өзгөчөлүктү түзөт.

Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин мамлекеттик аудитору болуп саналат.

Эсептөө палатасынын ыйгарым укугу мамлекеттик жана/же муниципалдык катыштын чоң үлүшү бар менчиктин жеке жана башка түрүндөгү ишканаларга жана уюмдарга жайылтылат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдүү комитетинин же Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшыруусу боюнча Эсептөө палатасы мамлекеттин катышуусунун үлүшү 10 пайыз жана андан ашыкты түзгөн ишканалардын жана уюмдардын натыйжалуулугунун аудитин жүргүзө алат.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы N 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Эсептөө палатасынын ишин уюштуруунун принциптери

Эсептөө палатасы өз ишин төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырат:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын үстөмдүгүнүн;

2) мыйзамдуулуктун так сакталышынын;

3) мамлекеттин таламдарын, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун;

4) объективдүүлүктүн, аныктыктын жана чынчылдыктын;

5) инсандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына каршы келбеген өлчөмдө жана жашыруундуулук режимин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголгон башка маалыматтарды эске алуу менен ачыктыктын жана айкындуулуктун;

6) купуялуулуктун;

7) финансылык, функционалдык жана уюштуруучулуктун көзкарандысыздыгынын;

8) кесиптик компетенттүүлүктүн жана тийиштүү тыкандуулуктун;

9) коллегиалдуулуктун;

10) кесиптик стандарттарды жолдоонун;

11) кесиптик этиканы жана мамлекеттик кызматчылардын этикасын бекем сактоонун.

7-статья. Эсептөө палатасынын ишинин негизги түрлөрү

Эсептөө палатасынын ишинин негизги түрлөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) жергиликтүү жана республикалык бюджетти аткарууга, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда салык жана бажы кызматтарынын ишине аудит;

2) мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдаланууга аудит;

3) мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикке катышууда чоң үлүшү бар мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит;

4) бюджеттик эмес каражаттарды пайдаланууга аудит;

5) каражаттарды республикалык же жергиликтүү бюджеттерден алган жеке менчик же менчиктин башка түрүндөгү мекемелердин жана уюмдардын, аталган каражаттарга карата гана, ишине аудит;

6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызынын абалына жана аны тескөөгө аудит;

7) мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка уюмдардын суроо-талаптарына корутундуларды, жоопторду берүү үчүн аудит;

8) козголгон кылмыш иштери боюнча укук коргоо органдарынын суроо-талаптарына, ошондой эле соттордун жана Омбудсмендин (Акыйкатчынын) токтомдоруна корутундуларды, жоопторду берүү үчүн менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин жана уюмдардын ишине аудит;

9) республикалык бюджеттин, мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерин жана макулдашууларын, Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун бюджеттеринин маселесин козгогон мамлекеттик программаларды жана башка документтерди талдоо жана аларга корутунду берүүнү;

10) бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштоолорду даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүнү;

11) республикалык, жергиликтүү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун бюджеттерин аткаруу боюнча отчетторду даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүнү ошондой эле тийиштүү маалыматтарды жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жиберүүнү;

12) республикалык бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берүүнү;

13) мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка уюмдардын кайрылууларына консультацияларды жана сунуштоолорду берүү, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка иштерди жүзөгө ашырууну.

14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга, республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы эсептөөнүн тууралыгы бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аудит;

15) коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди тейлөө бөлүгүндө аларга аудит;

16) өткөрүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды киргизүү.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы N 213 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Эсептөө палатасынын ыйгарым укуктары

1. Эсептөө палатасы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) белгиленген статистикалык, финансылык жана бухгалтердик отчеттуулукка алдынала изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;

2) ушул Мыйзамдын 7-статьясында көрсөтүлгөн багыттар боюнча аудит жүргүзүүгө жана жыйынтыктары боюнча аудит жөнүндө отчет жана башка отчетторду берүүгө;

3) аудит объектисинин ишине тиешелүү корутундуларды берүүгө;

4) ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, аудит объекттерине милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйрук берүүгө;

5) Кыргыз Республикасындагы бардык мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерден жана уюмдардан Эсептөө палатасынын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон суралуучу маалыматтарды белгиленген мыйзамдын чектеринде алууга. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана башка кредиттик-финансылык мекемелер Эсептөө палатасынын суроо-талабы боюнча жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипке ылайык эгерде алар республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каражат алышса, которушса, пайдаланышса же мамлекеттик менчикти пайдаланышса, же болбосо аны башкарышса ошондой эле улуттук мыйзамдар же мамлекеттик бийлик органдары тарабынан берилген салыктык, бажылык жана башка жеңилдиктерге жана артыкчылыктарга ээ болушса операцияларга жана аудит жүргүзүлүүчү объекттердин эсептеринин абалына зарыл болгон документтик ырастоону берүүгө тийиш;

6) акчанын өз учурунда келип түшүүлөрүнө, мыйзамдуу бекитилген көрсөткүчтөр менен салыштырганда республикалык бюджетти аткаруу процессинде бюджеттик ассигнованиелерди иш жүзүндө чыгымдоого ыкчам контролду ишке ашырууга, четтеп кетүүлөрдү жана тартип бузууларды аныктоого, аларга талдоо жүргүзүүгө, аларды четтетүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.

2. Эсептөө палатасынын төмөнкүлөргө укугу жок:

1) аудит объекттеринин саясый максаттарын илгерилетүүгө;

2) аудит объектисинин кызмат адамдарына жана кызматкерлерине администрациялык жана башка санкцияларды колдонууга.

(КР 2008-жылдын 15-октябрындагы N 213, 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Толук түрдө бул шилтемеден көчүрүп алсаңыз болот (pdf, 292Kb)