Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2023-жылдын 31-майы № 114

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө

(КР 2024-жылдын 31-декабрындагы N 210 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Жөнгө салуу предмети

Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы (мындан ары - Эсептөө палатасы) тарабынан Эсептөө палатасынын компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин аткарылышына, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин жана башка ресурстардын пайдаланылышына тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүү процессинде келип чыккан мамилелерди, ошондой эле Эсептөө палатасынын милдеттерин, функцияларын, ыйгарым укуктарын жана ишин уюштурууну жөнгө салат.

2-берене. Эсептөө палатасынын статусу

1. Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте түзүлүүчү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) жана Кыргыз Республикасынын Президентине (мындан ары - Президент) отчет берүүчү Кыргыз Республикасынын тышкы мамлекеттик аудитинин көз карандысыз жогорку органы болуп саналат.

2. Ушул конституциялык Мыйзамда аныкталган милдеттердин алкагында Эсептөө палатасы уюштуруучулук, функционалдык, финансылык көз карандысыздыкка ээ жана өз ишин өз алдынча жүзөгө ашырат.

2-1. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы түзүлгөнүнө карабастан, Эсептөө палатасынын аудиторлору алар шайланган бүткүл мөөнөткө өз ыйгарым укуктарын сактап калат.

3. Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик органы болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана өзүнүн аталышы бар мөөрү, ошондой эле өз символикасы бар.

4. Эсептөө палатасынын туруктуу жайгашкан жери болуп Бишкек шаары саналат.

(КР 2024-жылдын 31-декабрындагы N 210 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

Толук түрдө бул шилтемеден көчүрүп алсаңыз болот (pdf, 292Kb)