Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Балбаков Турмушбек Айдралиевич - бөлүм башчысы

Байланыш маалыматтары: 323612, Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

 

Түзүмдүк бөлүмдүн милдеттери

  • мамлекеттик аудитти жүргүзүүнүн   натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды талдайт жана иштеп чыгат;  
  • аудиттин жогорку органдарынын (ISSAI) эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү негизинде мамлекеттик аудитти жүргүзүүнүн методологиясын жайылтуу жана иштеп чыгууну жана жаңыртууну уюштуруу;
  • аудиттин сапатын контролдоону уюштурууну камсыздоо;
  • эсептөө палатасынын кызматкерлеринин кесиптик өнүгүү жана окутуу багыттарын жана ички жол-жоболорго ылайык, Эсептөө палатасынын кызматкрелерин үзгүлтүксүз окутуу жана сертификациялоо боюнча иш чараларды өткөрүүлөргө катышуусун аныктоо;  
  • чет өлкөлүк аудиттин (финансылык контролдоонун) жогорку органдары жана алардын уюмдары (ИНТОСАИ, АЗОСАЙ, ЭКОСАИ, КМШ мүчө мамлекеттеринин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилер Кеңеши) жана эл аралык уюмдар менен кызматташуунун ишке ашыруу боюнча уюштуруу.

Түзүмдүк бөлүмдүн функциялары

  • Эсептөө палатасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн аудиттердин сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизет;
  • аныкталган бузуулардын пайда болуу себептерине талдоо жүргүзөт жана кыянаттык менен пайдаланууну, мамлекеттик финансы тартибин бузууну алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;  
  • мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка уюмдардын суроо-талаптарына, ошондой эле жарандардын кайрылууларына корутундуларды, жоопторду, консультацияларды жана сунуштарды даярдоону жүзөгө ашырат;
  • Эсептөө палатасынын иши жөнүндө жылдык отчётту даярдоого катышат;  
  • эки тараптуу жана көп тараптуу негиздерде чет өлкөлөрдүн жогорку аудит органдары, эл аралык уюмдар менен Эсептөө палатасынын кызматташуу пландарын иштеп чыгууну, координациялоону жана жүзөгө ашырууну камсыздайт;  
  • Эсептөө палатасынын расмий эл аралык байланыштар алкагында иш чараларды протоколдук камсыздайт;
  • Эсептөө палатасынын төрагасы, Эсептөө палатасынын кызматкерлери жана делегациясы чет элдик командировкаларга чыкканда, визаларды жана башка керектүү документтерди тариздөөгө колдоо көрсөтөт;   
  • мамлекеттик аудит чөйрөсүндө кесиптик өнүгүү жана окутуу стратегиясын иштеп чыгууга катышат;
  • Эсептөө палатасынын кызматкерлерин үзгүлтүксүз окутуу жана сертификациялоо боюнча окутууну уюштуруу жана өткөрүү үчүн, окуу пландарын, материалдарды, тесттерди иштеп чыгууга катышат;   
  • эл аралык уюмдар, мамлекеттик органдар, кесиптик аудитордук жана башка уюмдар менен макулдашуулардын жана келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды каттоону жана сактоону камсыздайт;
  • Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин токтомдорун, төраганын буйруктарынын долбоорлорун жана башка тескөөчү документтерди, бөлүмдүн ыйгарым укугуна кирген маселелер боюнча жана башка кызматтык документтерди, каттардын долбоорлорун даярдайт;  
  • тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө белгиленген тартиптеги отчётту түзөт жана берет;
  • Эсептөө палатасынын иши жөнүндө отчётко кошуу үчүн, жыл ичиндеги маалыматтарды белгиленген тартипте даярдайт;
  • интернет тармагындагы расмий сайтка жайгаштыруу үчүн, бөлүмдүн иши жөнүндө маалыматты өз учурунда даярдоону берүүнү камсыз кылат.