Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын атынан сүйүктүү өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнү жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул маанилүү окуялар биздин тарыхыбызды, маданиятыбызды жана өнүгүүгө болгон умтулуубузду даңазалайт. Көз карандысыздык - бул суверендүүлүккө болгон укук эле эмес, бул биздин өлкөнүн жаркын келечеги үчүн жоопкерчилик. Андыктан ар бирибиз демократия, адилеттүүлүк жана ачык-айкындык принциптерине негизделген күчтүү мамлекетти курууга өз салымыбызды кошушубуз керек.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы мамлекеттик финансылык контролдун көз карандысыз органы катары бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуунун үстүндө жигердүү иштеп жатат. Биз Мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү аспектиси болгон финансылык жоопкерчиликтин жана отчеттуулуктун деңгээлин жогорулатууга умтулабыз.
Бул күнү биргелешкен аракеттер менен бардык кыйынчылыктарды жеңип, жаңы бийиктиктерге жете аларыбызга ишеним билдиребиз.
Элибиздин Көз карандысыздыгы жана Биримдиги Кыргызстандын мындан ары гүлдөшүнө негиз болсун!
Урматтоом менен,
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын
Төрагасы