- Подробности
- Просмотров: 365
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына 2024-жылдын 26-августунан тартып тандоо жүргүзөт:
1) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн МТ боюнча аналитиги (Б-Б) – 1 бирдик;
2) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору (Б-Б) – 6 бирдик.
Бош административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөө үчүн тандоого катышууга талапкерлер мамлекеттик же расмий тилдерде төмөнкү документтерди берет:
- жеке арызы (үлгү боюнча);
- сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу баракчасы (үлгү боюнча);
3) өмүр баяны (үлгү боюнча);
4) паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн документтин түп нускасы аңгемелешүүдө көрсөтүлөт);
5) зарыл болгон кесиптик билимин ырастаган документтердин, эмгек китепчесинин нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
6) В2 же С1 деңгээлинде кыргыз тилин билүү жөнүндө сертификаттын нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
7) берилген күндөн тартып үч айдын ичинде колдонуу мөөнөтү менен соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.
Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу.
Тандоого катышууну каалаган жарандар, дүйшөмбүдөн жумага чейинки иш күндөрү саат 9.00-18.00 чейин Бишкек шаары, Н. Исанов көчөсү, 131 дареги боюнча тандоо жүрүү жөнүндө кулактандыруу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын веб-сайтына жарыялангандан күндөн тартып он календарлык күндүн ичинде көктөмөгө тигилген документтерин берет.
Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар тандоого катыша алышпайт.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору (Б-Б) - 6 бирдик
Жогорку кесиптик билим: экономика, финансы, мамлекеттик аудит чөйрөсүндө.
Иш стажы жана тажрыйбасы: 5 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы бар.
Кыргыз Республикасынын жараны.
Кесиптик компетенциялары:
1) Төмөнкүлөрдү билүү (Знания):
Кыргыз Республикасынын Конституциясын; "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө"; "Республикалык бюджет жөнүндө (тиешелүү жылга карата)”; "Коррупциянын алдын алуу жөнүндө"; "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө"; "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө"; "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"; "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө"; "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө"; "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө"; бюджеттик, атайын жана башка каражаттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын регламентин; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этика кодексин;
мамлекеттик тилди В2 деңгээлинен төмөн эмес; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди; чет тилди (билгени абзел).
2) Билгичтиги (Умения):
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; аудит процессиндеги көйгөйлөрдү талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3) Көндүмдөрү (Навыки):
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө; маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү (Word, Excel, "ТОКТОМ Мамлекет Про" маалыматтык-укуктук система, ПО "1С", "Инфодокс" иш кагаздарын электрондук жүргүзүү система).
Санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн МТ боюнча аналитиги (Б-Б) - 1 бирдик.
Жогорку кесиптик билим: информациялык технологиялар тармагында төмөнкү багыттар боюнча: компьютердик технологиялар жана информациялык технологиялар; автоматташтыруу жана башкаруу (окуу профили: технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу, инновация); экономика жана менежмент (билим профили: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруудагы маалыматтык технологиялар).
Иш стажы жана тажрыйбасы: 5 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы бар.
Кыргыз Республикасынын жараны.
Кесиптик компетенциялары:
1) Төмөнкүлөрдү билүү (Знания):
Кыргыз Республикасынын Конституциясын; "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: "Коррупциянын алдын алуу жөнүндө"; "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө"; "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө"; "Электрондук башкаруу жөнүндө"; "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө"; "Электрондук колтамга жөнүндө"; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-ж. 30-октябрындагы № 526 токтому менен бекитилген "Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы" автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө жобону;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын регламентин; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этика кодексин;
мамлекеттик тилди В2 деңгээлинен төмөн эмес; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди; чет тилди (билгени абзел).
2) Билгичтиги (Умения):
компьютердик программаларды иштеп чыгууну, орнотуу/ ишке ашырууну; иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; Эсептөө палатасынын иш процессиндеги көйгөйлөрдү талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо; башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү; коюлган милдеттерди чечүүдө новатордук ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; тармактык протоколдордун иштөө принциптерин жана компьютердик тармактарды курууну ишенимдүү билүү; сервердик программалык камсыздоонун ар кандай версияларынын иштешин ишенимдүү билүү; MS Active Directory - колдонуучуларды киргизүү, жумушчу станцияларды борборлоштурулган башкарууну билүү; скрипттерди окуу жана жазууну билүү; VMWare\KVM виртуалдаштыруу системаларын билүү; маалыматтарды камдык көчүрмө сактоо принциптерин жана тутумдарын билүү.
3) Көндүмдөрү (Навыки):
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө; маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөөнүн ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү ("ТОКТОМ Мамлекет Про" маалыматтык-укуктук система, ПО "1С", "Инфодокс" иш кагаздарын электрондук жүргүзүү система); серверлерди жана жумушчу станцияларды системалык жана адистештирилген программалык камсыздоону (программалык камсыздоо) башкаруу; Автоматташтырылган системалардын программалык комплекстеринин, системалык жана прикладдык программалардын ишин камсыз кылуу; маалыматтык технологиялардын, жеке ЭЭМ, тармактык жабдуулардын жана перифериялык түзүлүштөрдүн иштешин камсыздоо; локалдуу эсептөө тармагынын түзүмүн иштеп чыгуу жана администрациялоо; электрондук байланыш кызматтарын башкаруу жана интернет ресурстарына жетүүнү камсыз кылуу; структураланган Кабелдик системаны (АКК) башкаруу жана өнүктүрүү; программалык аппараттык комплестердин үзгүлтүксүз иштеши жана өнүгүшү үчүн зарыл болгон жабдуулар менен камсыздоо; эсептөө тармактарын өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын иштеп чыгуу, жогорку өткөрүү жөндөмдүүлүгү менен ишенимдүү байланыш каналдарын жолго коюу, жабдууларды жана программалык каражаттарды сатып алуу; жабдуулардын техникалык абалына Мониторинг жүргүзүү, иштебей турган же эскирген жабдууларды өз убагында алмаштырууну камсыз кылуу; аппараттык комплексти өнүктүрүү маселелерин техникалык жактан иштеп чыгуу; вирустардан коргоо технологияларын иштеп чыгуу, эсепке алуу жана колдонуу; электрондук почта даректерин бөлүп көрсөтүү жана колдонуучулар үчүн почта ящиктерин уюштуруу; колдонуучулардын Интернетке кирүү каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана башкаруу.
3) Көндүмдөрү (Навыки):
электрондук почта даректерин бөлүп көрсөтүү жана колдонуучулар үчүн почта ящиктерин уюштуруу; колдонуучулардын Интернетке кирүү каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана башкаруу.
*Тандоого катышууну каалаган жарандар көктөмөгө тигилген документтерин берет.
!!! Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар ачык тандоого катыша алышпайт.