Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык, Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунда 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 38089,5 миң сомду түзгөн, анын ичинде 20272,9 миң сому ордуна коюлууга тийиштүү, ордуна коюлганы 11351,0 миң сом. Анын ичинен:
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджетке каражаттардын келип түшүүсүн жана кайтаралышын камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөшү 4577,0 миң сом, ордуна коюлууга тийиштүүсү 3433,8 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы тиешелүү бюджеттерге которулбаган каражаттар 1115,0 миң сом, ордуна коюлууга тийиштүү;
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик тутумдун бюджетинин каражаттарын максатсыз пайдалануу 268,0 миң сом, ордуна коюлууга тийиштүү;
- капиталдык салымдарга жана курулуш иштерин аткарууга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы бузуулар 1872,1 миң сом, ордуна коюлууга тийиштүү;
- милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашык жана тастыкталбаган чыгымдар 498,7 миң сом, ордуна коюлууга тийиштүүсү 356,3 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттин аткарылышындагы башка кемчиликтер жана бузуулар 483,1 миң сом ордуна коюлууга тийиштүү;
- мүлктү сактоонун камсыздалбашы 4977,5 миң сом, ордуна коюлууга тийиштүү;
- мүлктү пайдалануудагы бузуулар 518,2 миң сом, ордуна коюлууга тийиштүү;
- бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актыларын бузуулар 8205,9 миң сом, ордуна коюлууга тийиштүүсү 7248,9 миң сом;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар 15574,0 миң сом.
Мындан тышкары, 15 (он беш) башка жол-жоболук бузуулар жана 2 (эки) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү башка бузуулар аныкталган.
Аудиттин материалдары Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, райондук мамлекеттик администрациянын башчысына, айылдык Кеңештин төрагаларына - Отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйруктар, Сунуштар жөнөтүлгөн.