Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2022-жылга карата Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинде жана анын ведомстволук уюмдарында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй бузуулар аныкталган:

Бардык мыйзам бузуулардын аныкталган суммасы – 979 244,2 миң сомду түздү, калыбына келтирүүгө тийиш – 122 418,3 миң сом; калыбына келтирилди – 90 421,5 миң сом. Анын ичинен:

  1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун тиешелүү бюджет долбоорлорун түзүүдө жана кароодо кетирилген бузуулар – 6 769,2 миң сом;
  2. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун жана чоң мамлекеттик лш менен катышкан чарба жүргүзүүчү субъекттердин бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер – 234 276,4 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 1 181,6 миң сом; Калыбына келтирилди - 463,3 миң сом.
  3. Мүлктү колдонуудагы бузуулар жана кемчиликтер – 9 507,4 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш - 643,3 мин сом; Калыбына келтирилди - 29,9 миң сом.
  4. Эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулар – 449 471,4 миң сом; Калыбына келтирүүгө тийиш – 120 593,4 мин сом; Калыбына келтирилди – 89 928,3 миң сом.
  5. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамын бузуулар – 279 219,8 миң сом.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча тиешелүү жазма буйруктар жана сунуштамалар жөнөтүлдү.