Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Бүгүн, 19-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету каралууда.

Эсептөө палатасы тарабынан 2023-жылы жүргүзүлгөн аудитордук иш‑чаралардын, эксперттик-аналитикалык иштин жыйынтыгы боюнча тийиштүү бюджеттерди толтуруунун кошумча мүмкүнчүлүктүү булактары (бюджеттин резервдери) 186,1 млрд сом суммасында белгиленген, бул сумма финансылык тартип бузуулардын категориясына кирбейт, бирок айрым иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжасында тийиштүү бюджеттерге мобилизацияланчу каражаттар.

Андан тышкары, жүргүзүлгөн аудитордук иш-чаралардын алкагында 38,6 млрд сом суммасында рационалдуу эмес жана натыйжасыз пайдаланылган финансылык жана башка ресурстар (бюджеттин жоготуулары) аныкталган, бул – өз учурунда чаралар көрүлбөгөндүктөн же белгиленген максатына жетпестен, каражаттарды рационалдуу эмес пайдаланган суммалар.

Жол-жоболук мүнөздөгү бузуулардын 1 422 фактысы аныкталган.