Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Бүгүн, 19-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету каралууда.

2023-жылга бекитилген Эсептөө палатасынын аудитордук иш планына ылайык, Эсептөө палатасы 81 аудитордук иш чара жүргүзгөн, алардын жүрүшүндө аудит объектилеринин 1 738 түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү камтылган, анын ичинен:

  • бюджеттик мекемелер ­– 944;
  • чарба жүргүзүүчү субъекттер – 357;
  • жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мекеме жана уюмдар – 402;
  • башка уюмдар – 35.

Отчёттук жыл ичинде жүргүзүлгөн аудитордук иштин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасы тарабынан 10,8 млрд сом суммасында калыбына келтирүүгө тийиш болгон финансылык тартип бузуулар аныкталган. Анын ичинен 4,0 млрд сом, же 37,0 пайызы калыбына келтирилген.