Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жыл аралыгына карата бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарынын натыйжасында төмөндөгү финансылык тартип бузуулар, бюджеттин резервдери жана жоготуулары, натыйжасыз пайдалнылган каражаттар аныкталды. Атап айтканда: 2022-жылдын бюджетин аткарууда 536,8 млн. сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталды, анын ичинен 351,5 млн. сом ордуна коюлууга тийиш болсо ордуна коюлганы 349,4 млн. сомду түздү. Анын ичинен:
- республикалык бюджетке кайтарууга тийиш болгон каражаттар боюнча 349,4 млн. сом, ордуна коюлган;
- тастыктоочу документтерсиз төлөнгөн иш сапар чыгымдар боюнча 14,7 миң сом, ордуна коюлду;
- республикалык бюджетке кайтарууга тийиш болгон каражаттардын калдыгына күнүмдүк калдыктарына эсептелген пайыздар түрүндө алынган 2,1 млн. сом киреше ордуна коюлган эмес.
Эмгек акыларга негизсиз төлөөлөр 8,1 млн. сом, анын ичинен:
- кызмат ордуна тийиштүү тартипте аттестация жүргүзбөй туруп төлөнгөн зыяндуулук үчүн төлөмдөр 2,7 млн. сом;
- кызматкерлердин эмгек өргүүсү үчүн төлөөдөгү финансылык бузуулар 5,4 млн. сом;
- республикалык бюджеттен каржыланган каражаттарды пайдаланууда «Банктык тейлөө төлөмдөрү» беренесине тиешелүү болгон пенсия жана жөлөкпулдарды жеткирүүгө «Кыргызпочтасы» МИ жана коммерциялык банктарга төлөнгөн чыгымдар өзүнчө каралбастан 177,0 млн. сомго «Социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпул» беренеси боюнча каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан каржылык бузуулардын алдын алуу максатында, министрликке 526,4 млн сом өлчөмүндө сунуштама жөнөтүлдү.