Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2023-жылдын 24-25-майында  Москва шаарында “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Экинчи Евразиялык форуму өтүүдө. Бул форумду өткөрүү Евразия экономикалык биримдигинин мамлекет башчыларынын катышуусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына туш келди.

Бул Форумдун алкагында «Инновациялык өнүгүү жана ЕАЭБ экономикаларынын өсүшүн камсыз кылуу: мамлекеттик институттардын натыйжалуулугу» темасындагы сессияга КРнын Эсептөө палатасынын аудитору Вадим Александрович Садовников катышууда. 

Бул иш-чаранын (сессиянын) негизги максаты - ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана алардын өнөктөштөрүнүн жогорку аудит органдары инновацияларды өнүктүрүү жана алдыңкы технологияларды киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө салымдарын кошуу.

Сессиянын талкуусуна коюлган маселелер:

  • Мамлекеттик башкаруунун сапатын камсыз кылуу: башкаруучу кадрларды даярдоо, коррупцияга каршы күрөшүү, өндүрүшкө инновациялык технологияларды киргизүүдө чечимдерди кабыл алуу процесстерин оптималдаштыруу, интеллектуалдык менчикти коргоо;
  • Жогорку технологиялык рыноктор үчүн шарттарды түзүү жана технологиялык суверенитетке жетишүү;
  • Жогорку технологиялык ишкердик: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр;
  • Инновациялык кластерлерди түзүү: колдоо куралдары;
  • Инновацияларды өнүктүрүүдө өнүктүрүү институттарынын ролу;
  • Илимий кадрларды тынымсыз жаңыртуу үчүн ыңгайлуу жагдай түзүү: тийиштүү шарттарды түзүү.