КРнын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы №138 "Террористтик коркунучтун деңгээлдери, аларды киргизүүнүн тартиби жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун ишке ашыруу максатында, 2023-жылдын 17-майында КРнын Эсептөө палатасынын кызматкерлерине коопсуздук чаралары боюнча окутуу өткөрүлдү.
Окутуунун алкагында Эсептөө палатасынын кызматкерлери жер титирөө болгон учурда коопсуздукту камсыз кылуунун заманбап ыкмалары, ошондой эле террордук коркунуч учурундагы иш-аракеттерди, биринчи жардам көрсөтүүнү жана эвакуациялоо боюнча керектүү маалыматтарды алышты.
Окутууну КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун тажрыйбалуу адистери өткөрдү.