Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Ноокен районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2021-жылга карата бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы тууралуу ЭПнын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү билдирди.

Аудит райондук мамлекеттик администрациясын, Каржы министрлигинин Ноокен башкармалыгын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана алардын муниципалдык мекемелерин камтыды.

Жүргүзүлгөн аудиттерде жалпы суммасы 2180,3 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинде: акча каражаттардын жетишсиздиги 462,7 миң сомду, товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги - 24,8 миң сомду, каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер - 1261,2 миң сомду түзгөн, анын ичинен: негизсиз материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу 71 миң сомго, иш сапарларга кеткен ашыкча чыгымдар 10,9 миң сомго, курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмүн жана наркын 1069,3 мин сомго ашыра бааланган, 90 миң сомго бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу, дебитордук жана ашыкча кредитордук карыз 20 миң сом, бюджетке 135,3 миң сом кошумча салык, 238,3 миң сом ижаранын кошумча акысы, КР социалдык фондунун кирешесине камсыздандыруу төгүмдөрүн кошумча чегерүү 58 миң сомго аныкталган.                                                Аныкталган каржылык мыйзам бузуулардын ичинен 2180,3 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, текшерүүнүн жүрүшүндө 595,1 миң сом калыбына келтирилген. Мындан тышкары, бюджеттин 341,8 миң сомдук резервдери жана жоготуулары, анын ичинен 255,4 миң сомго эмгек акы төлөөдө мыйзам бузуулар аныкталган

Ошондой эле 102,8 миң сомдук бюджеттик каражаттарды сарамжалсыз пайдалануу фактылары аныкталган, анын ичинен: пландаштырылган максаттарга жетүүсүз айрым иш-чараларга жумшалган каражаттар 20,0 миң сом, 82,8 миң сомго товардык-материалдык баалуулуктардын ашыкча запасы кеткен.

Ноокен айыл округу боюнча текшерүүнүн материалдары юридикалык баа берүү үчүн Жалал-Абад облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.