Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2022-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппараттын кызматкерлери жана аудит өткөрүлгөн объектилердин жетекчилери катышты.

Кеңеш 2021-жылга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде бюджеттин аткарылышынын аудитинин отчетторун карап, бекитти. Ошондой эле күн тартибине “Туратали базары” мамлекеттик ишканасынын 2021-жылга жана “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын 2019-2021-жылдарга карата ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы кароо киргизилген.

Бирок өзгөчө көңүл Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Эмгек министрлигинин текшерүүсүнүн жыйынтыгына бурулган.

Саламаттык сактоо министрлигинде аудиторлор 29215,6 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныктаса, анын 17350,8 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш болчу, текшерүүнүн жүрүшүндө 875,1 миң сом өндүрүлгөн. Ошондой эле, 11099,1 миң сомдук эмгек акынын негизсиз төлөнүшү, 1163,4 миң сомдук материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды эсептен чыгаруу катталган. Командировкаларга ашыкча каржылык чыгымдардын көлөмү 100,8 миң сомду түздү. 3314,3 миң сомдук дебитордук карызды жаап-жашыруу аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 13007,2 миң сом суммасында резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталган. Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттардын суммасы 22795,8 миң сомду түзгөн.

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жүргүзүлгөн аудит майыптык коляскаларды сатып алууда мыйзам бузууларды аныктаган. Майыптар коляскасына чукул муктаждык болгонуна карабастан, министрлик коляскаларды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алган эмес, бааларды көзөмөлдөө жүргүзүлгөнэмес. Майыптык коляскалар бюджеттик каражаттардын эсебинен коммерциялык ортомчу түзүмдөрдөн сатып алынган. Сатып алуунун баасын талдоо көрсөткөндөй, сатып алынган коляскалардын баасы ортомчулар аркылуу өтүп, өндүрүүчүлөрдөн сатып алуучу уюмдун колуна чейин бир топ жогорулайт. Ашыкча сарптоо 1617,0 миң сомду түздү.

Аудит текшерүүсү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо сатып алууда да мыйзам бузууларды аныктаган. 2021-жылы бул максаттарга бюджеттик каражаттардын кассалык чыгашалары 55 848,3 миң сомду түздү (смета боюнча пландаштырылган 89 999,0 миң сомдун ордуна), анын ичинен 35 319,5 миң сому 2020-жылдагы кредитордук карызды жабууга багытталган. Ошентип, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жолдомо сатып алуу үчүн пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын суммасы 34150,7 миң сомду түздү. Бул каражатка дагы 2529 жолдомо сатып алууга мүмкүн болгон.

Бул мыйзам бузуулар боюнча маалымат тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.