Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 2020-2021-жылдарга бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен 4479,9 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Финансылык мыйзам бузуулардын аныкталган суммасынын ичинен 3886,2 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, текшерүүнүн жүрүшүндө 3694,2 миң сом ордуна коюлган.

Мындан тышкары, 11341,1 миң сомдук резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталган.

Финансылык мыйзам бузуулардын эң ирилери:

- Балыкчы шаарынын мэриясы 567,8 миң сомго;

- Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы 3152,7 миң сомго;

- Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо муниципалдык ишканасы 620,3 миң сомго бузганы аныкталды.

Текшерүүлөрдүн материалдары Балыкчы шаарынын мэринин, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана каржы кызматкерлеринин катышуусунда аймактык бөлүмдүн коллегиясында каралды. Коллегиянын жыйынтыгы боюнча каржылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу максатында аларды жоюу боюнча тиешелүү мекемелерге көрсөтмөлөр жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, текшерүүнүн жүрүшүндө Балыкчы шаарынын мэриясынын (384,1 миң сом) жана шаардык кеңешинин (49,8 миң сом) техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акысына негизсиз кошумча үстөктөрдү төлөө фактысы аныкталган. Буга байланыштуу Балыкчы шаарынын прокуратурасына юридикалык баа берүү боюнча кат жиберилген.