Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында 2021-жылдын 22-ноябрынан 25-ноябрына чейин Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн “INTOSAI стандарттарынын негизинде финансы аудитин ишке киргизүү боюнча окуу” деген темада онлайн-семинар уюштурулуп жатат.
Аталган семинар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жана Түрк Эсептөө Сотунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун алкагында уюштурулууда.
Семинардын жүрүшүндө финансы аудитинин төмөнкүдөй темалары боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлүүдө:
- Аудиттин эл аралык стандарттарына киришүү;
- Алдын ала иш-аракеттер;
- Финансы аудитин пландаштыруу;
- Финансы аудитин жүргүзүү этабы;
- Кийинки байкоо жүргүзүүлөр / сапатты көзөмөлдөө
Семинар Турция Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу кызматташуу жана координациялоо боюнча Түрк агенттигинин (ТИКА) жардамы менен өтүүдө.