Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында 2021-жылдын 22-ноябрынан 25-ноябрына чейин Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн “INTOSAI стандарттарынын негизинде финансы аудитин ишке киргизүү боюнча окуу” деген темада онлайн-семинар уюштурулуп жатат.

Аталган семинар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жана Түрк Эсептөө Сотунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун алкагында уюштурулууда.

Семинардын жүрүшүндө финансы аудитинин төмөнкүдөй темалары боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлүүдө:

  • Аудиттин эл аралык стандарттарына киришүү;
  • Алдын ала иш-аракеттер;
  • Финансы аудитин пландаштыруу;
  • Финансы аудитин жүргүзүү этабы;
  • Кийинки байкоо жүргүзүүлөр / сапатты көзөмөлдөө

Семинар Турция Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу кызматташуу жана координациялоо боюнча Түрк агенттигинин (ТИКА) жардамы менен өтүүдө.