Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Шайкештик аудити: 2020-жылы КТРКнын кызматкерлерине 4,8 млн. сом кошумча акы төлөнүп берилген

Кыргыз Республикасынын Кеңеши тарабынан 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясында жана анын ведомстволук бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчет каралды.    

Жалпысынан чет өлкөлүк юридикалык тараптар менен түзүлгөн келишимдердин шарттары боюнча 2020-жыл ичинде КТРКнын аккумуляциялык эсебине жалпы 446626,22 АКШ доллары же сомдун курсу менен алганда (84,8 сом) 37874,1 миң сом киреше келип түшпөгөндүктөн, республикалык бюджет жоготууга учураган.

Эмгек акы фондунун эсебинен эсептөөлөр жана төлөөлөр боюнча бир катар кемчиликтер кетирилген.  Жумушчу убагын нормалдуу узактыгынын чегинен ашыкча иши үчүн кошумча акылар 4760,7 миң сом эсептелип, КТРКнын кызматкерлерине төлөнүп берилген. 2020-жылда каралган сметада кызматкерлерге квалификациясынын жогорулугу жана чыгармачыл жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү үчүн КТРКнын кызматкерлерине кошумча төлөөлөр смета боюнча 14851,0 миң сом бекитилген. Анык эсептелген чыгым 8687,9 миң сомду түзгөн, же болбосо бекитилген сметада 6163,1 миң сом ашыкча каралгандыктан, калып калган үнөмдөлгөн сумма сый акы үчүн төлөнүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы №266 токтому менен бекитилген Жободо телерадиоберүү системасында эмгек өндүрүмдүүлүгүн, кесиптик жана сапаттык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу максатында кызматкерлердин базалык маяналарына карата стимулдаштыруучу төлөмдөр кызматтык маянанын 50% чейинки өлчөмдө кошумча акы белгиленээри көрсөтүлгөн. Бирок, КТРКнын кызматкерлеринин кесиптик жана сапаттык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча критерийлер – маалыматтар жок. Ал эми 2020-жыл ичинде кызматкерлердин базалык маяналарына 50% кошумча акы 8687,9 миң сом эсептелген. КТРКнын генералдык директору тарабынан 2017-жылдын

23-майындагы №12 буйругу менен кызматкерлерге сый акы төлөө Жобосу бекитилген. Ай сайын сый акы төлөө боюнча берилген сунуштарда сый акы төлөө боюнча Жобонун көрсөтмөлөрү эске алынбаган, же аткарылган иштердин актылары, жумуштар кандай артыкчылыкта аткарылганы, ошондой эле сый акы берүүгө негиздер, тийиштүү иш кагаздары түзүлгөн эмес. КТРКнын Байкоочу кеңеши бекиткен, “КТРК кызматкерлерин сыйлоо жана материалдык дем берүү тартиби жөнүндө” Жободо, эмгек акы фондунан жыл сайын төлөнгөн сый акылардын конкреттүү өлчөмү белгиленген эмес.

Бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө 914,8 миң сом дебитордук карызды жашыруулар аныкталып,  аудит мезгилинде  толук кайра бухгалтердик эсепке алынган.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, тиешелүү жазма буйруктар жөнөтүлдү.