Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2020-жылга Cалык кызматынын ишинде бир катар кемчиликтер аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2020-жылга Мамлекеттик салык кызматынын ишинде натыйжалуулук аудитинин элементтери бар шайкештик аудити жөнүндө отчетту карап, аны жактырды.

Аудиттин жүрүшүндө салыктарды жана төлөмдөрдүн жыйноо боюнча планды аткаруу 99,8%га аткарылган, же 121,8 млн. сомго кем түшкөн (план – 79,1 млрд. сом, факт -  79,0 млрд. сом).

Мындан тышкары, аудит салык базасына жүргүзүлгөн аналитикалык иш-чаралардын натыйжасында 2020-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө 12 млрд. сом суммасындагы резервдерди жана жоготууларды таап чыккан. Алсак, тамеки буюмдарына акциздик салыктардын түшүүсү 10,7 млрд. сом деңгээлинде аныкталган. Факт жүзүндө 2020-жылы бюджеттин кирешесине 4,7 млрд. сом түшкөн, айырма 6 млрд. сомду түзгөндүгүн маалыматтар көрсөттү.

Ошондой эле, Евроазиялык экнономикалык кеңешинин статистикалык маалыматтарын күзгүдөй статистика ыкмасы менен салыштыруу көрсөткөндөй,  күйүүчү-майлоочу материалдар жана азык-түлүк продуктулары боюнча маалыматтардын айырмасынын натыйжасында КНС боюнча бюджетке түшпөй калган каражаттар болжол менен 886,8 млн сомду, акциздик салык боюнча -  511,2 млн. сомду түздү.

Тышкы экономикалык ишмердиктин товардык-номенклатурасынын "Башкалар" коду боюнча киргизилген тизме аркылуу Үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген дары-дармектерди нарк салыгынан бошотуунун натыйжасында бюджеттин кирешесине  43 млн. сом суммасында КНС түшпөй калган. Салык кызматынын Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтары менен унду сатуудан 24,6 млрд. сомдон ашык суммасында айырмачылыктын келип түшүүсү боюнча маалыматы эсептөөлөр боюнча 3 млрд. сомдун тегерегинде КНСтин түшпөй калуусуна негиз болду.

2020-жылы күйүүчү жана майлоочу заттардын жүгүртүүдөгү Салык кызматынын Улуттук статистикалык кызматынын маалыматтары менен айырмачылыгы 13,2 млрд. сомду же 26,2%ды түздү. Натыйжада, бюджетке кошумча нарк салыгын төлөбөө тобокелдиктери эсептөөлөргө ылайык, күйүүчү-майлоочу заттар боюнча 1,6 млрд. сомду түздү.

Киреше салыгы, КНС, сатуудан салык жана башка салыктар боюнча резервдер 30,3 млн. сом суммасында аныкталды.

 Аудит ошондой эле, Салык кызматы тарабынан КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы №646 «Салык жеңилдиктерин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө» Токтомун, тактап айтканда салык жеңилдиктерин жана бошотууларынын натыйжалуулугун баалоону жүргүзүү бөлүгүн аткарбагандыгын белгилейт. 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыгында Министрлер кабинетине мамлекеттик бюджеттин кирешесине акциздик салыктын толук түшүүсүн камсыз кылуу максатында тамеки буюмдарын көмүскө жүгүртүү менен күрөшүүнү күчөтүү жана башка бир катар сунуштамалар ­­­­берилди.