Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасы 2020-жылга республикалык бюджеттин аткарылышына отчеттуулукту тастыктаган жок

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2020-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчетту талкуулады.

2019-жылга   республикалык  бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары менен, Эсептөө палатасынын жазма буйруктарын аткаруу маселеси боюнча Экономика жана финансы министрлиги тарабынан бюджеттин кирешесине кайтарууга тийиштүү 1,7 млрд. сом суммасынын ичинен 333,5 млн. сом кайтарылды.  Калыбына келтирилбеген сумманын калдыгы 1,4 млрд. сомду же 81%ды түзөт.

Аудиттин жыйынтыгында КР Эсептөө палатасы республикалык  бюджеттин аткарылышы боюнча  отчётту тастыктабоого жана терс корутундуну  берүүгө негиз болгон бир катар кемчиликтерди аныктады.

Алсак, ведомстволук классификация боюнча бюджеттин жалпы кирешеси жөнүндө маалыматтар программалык бюджет боюнча бюджеттин жалпы кирешесинин маалыматтары менен 19,7 млрд. сомго дал келбегендиги тастыкталды.

Финансылык отчеттулукта көрсөтүлгөн республикалык бюджет боюнча насыялык карыз 17,1 млрд.сомго ашырылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8 октябрындагы 2019-жылдагы № 529 токтому менен бекитилген. "Кумтор Голд Компани" ЖАКынан келип түшкөн каражаттарды пайдалануу жөнүндө” Жобонун жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 106-беренесин бузуу менен,   522,1 млн. сом суммасындагы каражаттар 2020-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёттун чыгымдар бөлүгүндө көрсөтүлгөн  эмес, себеби алар казыналыктын тутумунан сырткары чыгымдалган.

Ошондой эле, аталган Жобону бузуу менен конкурстук комиссиянын чечими жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими жок туруп, “Кумтөр Голд Компани"  ЖАКынан келип түшкөн каражаттарынын  ичинен  4 млрд. 915,7 млн.сом максатсыз пайдаланылган, анын ичинен:  “Ишкердик субъекттерин каржылоо” программасы боюнча региондорду өнүктүрүү үчүн – 1 млрд. 72,4 млн.сом, бюджеттин кезектеги чыгымдарын жабууга – 3 млрд. 843,3 млн.сом.

Макулдашуу шарттарына ылайык, тышкы кредиторлор тарабынан 2020-жылы кредиттин өздөштүрүлбөгөн бөлүгү үчүн 95,2 млн. сом суммасындагы комиссия төлөнгөн, бул болсо, 2020-жылга республикалык  бюджеттин каражаттарынын жоготуусуна алып келген. 2019-жылы 232,2 млн. сомго ушундай эле төлөмдөр жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, «Айыл чарбасын каржылоо-8» жана «ФСП» долбоорлору боюнча мамлекеттик  займ каражаттарын максаттуу колдонуунун талдоосу бир  кемчиликтерди көрсөтөт. Ыйгарым укуктуу орган болуп саналган Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан займ каражаттарын натыйжалуу жана максаттуу колдонууну  контролдоо жана ага мониторинг жүргүзүү, бюджеттик кредиттерди төгүү жана тейлөө тиешелүү деңгээлде жүргүзүлгөн эмес. Каражаттарды колдонуу жөнүндө маалыматтар займ алуучулардын берген маалыматтарынын негизинде берилген.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Экономика жана финансы министрлигине иштеги кемчиликтерди жоюу жөнүндө тиешелүү тапшырмалар берилди.

Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит боюнча кененирээк маалыматтар төмөнкү шилтемеде берилген.