Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019- 2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын  Тышкы иштер министрлигинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы

 

         Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 01.01.2019-жылдан 31.12.2020-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет каралды.

Жүргүзүлгөн аудитте жалпысынан 103809,5 миң сом суммасында каржылык бузуулар аныкталган. "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик ишканасынын бухгалтердик отчетунун маалыматтарында жана бухгалтердик эсептеринде 2017-2019-жылдарга карата 103440,7 миң сом суммасында акча каражаттары дебитордук карыз катары эсепте көрсөтүлгөн эмес, аудит учурунда бухгалтердик эсепке ылайык келтирилген.

"Кыргыздипсервис" Мамлекеттик ишканасы тарабынан беш автоунаа 277,1 миң сомго оңдолгон, бирок дебитордук карыз катары "Кыргыздипсервис" мамлекеттик ишканасынын бухгалтердик эсебинде көрсөтүлгөн эмес. Аудиттин жүрүшүндө "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик ишканасы тиешелүү жазууларды жүргүзгөн.

Мындан сырткары, бюджеттин резервтери 13523,6 миң сом суммасында аныкталган. Чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн балансы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин 2020-жылдын       31-декабрына карата пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын жалпы калдыгы 12266,3 миң сомду түзгөн, ал аудит учурунда Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, республикалык бюджет кирешесине кайтарылып берилген. 

Жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине жиберилген. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине отчет, жазма буйрук жана сунуштама жөнөтүлгөн.