Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

23 – сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында салтанаттуу иш чара болуп өттү

 

            Салтанаттуу иш чара 2021-жылдын 21-сентябрында саат 11:00дө     Кыргыз Республикасынын жыйындар залында өткөрүлдү. Иш чарага Кыргыз эл акыны Кыялбек Урманбетов, жазуучу Кушчубек Качыбеков, жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кален Сыдыкова, “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору Капар Токтошев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момуналиев, манасчы Кулмат Сыдыков жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери катышты.

“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган  кечени ачып жатып, Эсептөө палатасынын профсоюз уюмунун төрагасы Сарбагыш Закирович Утуров жалпы кыргызстандыктарды улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон - мамлекеттик тил майрамы менен чын жүрөктөн куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Шаршембиевич Акматов бүгүнкү күндөгү тилдин ал-абалына токтолуп, келечек муунду өз эне тилин сактоого, өнүктүрүүгө, баалоого жана мамлекеттик тилге бардык иш – кагаздарын өткөрүүгө чакырып кетти. Ошондой эле, ардактуу меймандарга кыргыз тилин өнүктүрүүгө болгон салымдары үчүн терең ыраазычылык билдирип, ден соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалап өттү.   

Кыргыз элинин улуттук сыймыгы “Манас” эпосунан Маданияттын мыкты кызматкери, манасчы Кулмат Сыдыков Каныкейдин Тайторуну чапканын айтып берди. Андан соң, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момуналиев өз сөзүндө, кыргыз тилдүү китептерди басып чыгаруу  жана жаш өсүп келе жаткан муундарды китеп менен камсыздоо маселелерине токтолуп кетти.  Мамлекеттик тилге, мамлекеттик идеология,  Мустафа Кемаль Ататүрк  сыяктуу улуттук лидер керек деген оюн жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кален Сыдыкова билдирди. Кийинки сөз, жазуучу        Кушчубек Качыбековго берилип, финансылык жана экономикалык сөздөрдүн кыргыз тилине которуу боюнча маселелерге токтолду. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын “Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору Капар Токтошев өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында мамлекеттик тилге өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи.  Бүгүнкү күндө, эң көп обондуу ырлардын автору, Кыргыз эл акыны Кыялбек Урманбетов, өзүнүн китептерин белекке тапшыруу менен бирге, өзүнүн каалоо – тилектерин төмөндөгүдөй ыр саптары менен коштоду.

Ырларым ушул дем болуп,

Ынтымак күткөн эл болуп,

Кыргыздын жаны көбөйсүн,

Жылдызга саны тең болуп!

Түптүү элдин, уюткулуу улуттун, өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик тили катары улуу тилибиздин учугу узарып, түбөлүгү түз болооруна терең ишеним менен салтанаттуу иш  чара жыйынтыкталды.