Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунда 2018- 2020-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн аудитинин жыйынтыктары

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунда бюджеттин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет каралды.

Жүргүзүлгөн аудитте үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен кызматкерлерге сыйлык катары 2 268,6 миң сом, материалдык жардам катары 372,0 миң сом, жалпысынан 2 640,6 миң сом негизсиз эсептелип төлөнүп берилгендиги аныкталган. Институттун балансындагы негизги фонд 2018-2020 жылдардын ичинде 1094,9 миң сомго негизсиз көбөйтүлүп көрсөтүлгөн.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Мамлекеттик имараттар департаменти” мамлекеттик ишканасы менен Институттун ортосунда түзүлгөн келишимдеринде көрсөтүлгөн бардык коммуналдык тейлөө жана имараттын эксплуатациялык чыгымдары 609,9 миң сом өлчөмүндө негизсиз көбөйтүлүп көрсөтүлгөн.   

Ошондой эле, аудит Институттун аппаратынын түзүмү жана штаттык ырааттамасы 2011-жылдан же 10 жылдан бери өзгөртүлбөй келгендигин белгилейт. Негизги кредитордук карыздар 2018-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын         1-январына чейин “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Мамлекеттик имараттар департаменти” мамлекеттик ишканасы  боюнча (имаратты капиталдык оңдоого) 1 094,9 миң сомду түзгөн.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберилген. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине сунуштама жиберилген. Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтуна отчет жана сунуштамалар жөнөтүлгөн.