Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

 

2018-2020-жылдар аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы

 

Кыргыз Республикасынын Кеңеши тарабынан 01.01.2018-жылдан 31.12.2020-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында (мындан ары МКК) жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет каралды.

Факты жүзүндө чыгымдардын көпчүлүк бөлүгүн эмгек акы жана социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр түзгөн. 2020-жылы эмгек акы фонду боюнча 1 843,5 миң сомго үнөмдөө, короновирус инфекциясы жайылгандыгына байланыштуу, ММК кызматкерлеринин аралыктан иштөөсүнүн натыйжасында пайда болгон.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтому менен, мамлекеттик орган тарабынан нөөмөттөгү колдонулган жеңил автотранспорттун кыймылдаткычынын көлөмү 2700 куб.см.ден ашырлбашы белгиленген. 

01.01.2020-жылга карата ММК БАнын балансында 4 бирдиктеги автртранспорт каражаты бар, алардын ичинен үчөөнүн кыймылдаткычынын көлөмү белгиленген 2700 куб.см.ден   500 куб. см, 499 куб. см жана 174 куб. см.ге ашырылган.

ММК маалыматы боюнча, 2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түнү Бишкек шаарында болгон башаламандыктын натыйжасында, административдик имараттан баштапкы наркы - 1 213,9 миң сом, калдык наркы - 752,6 миң сом турган, 35 аталыштагы мүлк (компьютердик жабдуулар, ар кандай видео камералар) уурдалган. Ошондой эле, ММКнын балансында жана ал учурда ММКнын административдик имаратынын короосунда турган эки автомашина талкаланган.

01.01.2021-жылга карата ММКнын борбордук аймактык  бөлүмүндө отундун  11,9 миң сом ченемден ашык запастары болгон, ММКнын түштүк аймактык  бөлүмүндө кредиттик карыздан дебитордук карыз 99,0 миң сомго ашырылган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  07.09.2017-жылдагы №551 токтому менен,    “Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгына Бишкек шаары, Чүй пр.,122 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик  имараттын 1-3 кабатындагы, ошондой эле эң үстүңкү кабатындагы жайларга ММКны жайгаштыруу тапшырылган, ал имаратты мурда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Салттуу жана эксперименталдык медицинанын эл аралык академиясы ээлеп турган.

Имаратты оңдоону каржылоо менен камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.01.2018-жылдагы №14-б жана 27.06.2018-жылдагы №224-б буйруктары менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы комитетинин макулдугу боюнча ММК ээлеген имаратты ондоого 15,0 млн. сом жана 5,0 млн. сом, бардыгы болуп  20,0 млн.сом бөлүнүп, ал толугу менен каржыланган.

Аудиттин пикири боюнча капиталдык оңдоого карата ММКга бөлүнгөн  20,0 млн. сом, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жана “2018-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен бөлүнгөн, анткени имарат, Департаменттин балансында турат.             

Курулуш - куроо жана оңдоо иштерине жүргүзүлгөн аудитте мамлекеттик  имаратта жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин көлөмү жалпы 102,4 миң сомго ашырылганы аныкталган.

“ММК-мамлекеттик жана муниципалдык кызмат” гезитинин редакциясында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  18.09.2006-жылдагы №672 “Менчик жеңил автомобилдерди кызматтык сапарларга пайдалангандык үчүн    компенсациянын нормалары жөнүндө” токтомун бузуу менен, факты жүзүндө колдонууну тастыктаган тиешелүү документтердин жок туруп, жалпы 109,4 миң сом суммасында компенсация төлөө жүргүзүлгөн.  

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберилген. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигине жазма буйрук жана сунуштама жиберилген. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына отчет, жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлгөн.