Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна караштуу мамлекеттик ишканалардын 2019-жылга карата ишинин натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Кыргызнефтегаз” Ачык акционердик коомунун финансылык ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет каралды.

 “Объектилерди башкаруу дирекциясы” мамлекеттик ишканасында жүргүзүлгөн аудитте соттун чечимдери менен мамлекеттик менчикке өткөн мамлекеттик мүлктүн жоголуп кетүү тобокелдиктери аныкталган. Ижарачылардан ижара акысын жана керектелген электр энергиясы үчүн узак мөөнөттүү карыздарды өндүрүү боюнча натыйжалуу иш – аракеттердин жетишсиздигинен,   дебитордук карыз 3,9 эсе, же 15,4 млн. сомдон 33,6 млн. сомго чейин өскөн. Ижара келишимдери бузулган эмес жана 2018-жылга узак мөөнөттүү туруктуу төлөбөгөндөргө карата айып пулдар өндүрүлгөн эмес. Аудиттин жүрүшүндө ижарачыларга жалпы суммасы 2056,9 миң сом суммасында туумдар эсептелген. Электр энергиясын төмөндөтүлгөн тарифтер менен сатуу 1,9 млн. сом суммасында кирешелердин жоготууларына алып келген.

 “Туратали базары” мамлекеттик ишканасында мыйзамдуу документтин жоктугунан жана бухгалтердик баланста чагылдырылбагандыгынын натыйжасында аянты 6,26 га жерди жоготуу коркунучу бар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы тарабынан баалардын мыйзамсыз жөнгө салынышы менен Мамлекеттик ишкананын ишине кийлигишүү белгиленди, бул мамлекеттик ишкананын киреше бөлүгүнө терс таасирин тийгизген. Унаа токтотуучу жайдан толук киреше албай калуу коркунучу бар. 

                 "Ысык-Көл Аврора" Санаториясы мамлекеттик ишканасында  улутташтырылган мүлк, аянты 7,44 га болгон жер тилкеси жана 142,0 млн сом суммасындагы инженердик курулмаларды жоготуу тобокелчиликтери  бар. Аудит чарбалык иш-аракеттерде белгилүү бир активдердин колдонулбай жаткандыгын жана медициналык кызмат көрсөтүүдөн түшкөн кирешелердин төмөндүгүн белгилейт. Функционалдык милдеттери боюнча бири- бирин кайталанган кызмат орундары белгиленди. Санаторийдеги номерлер фонду  оңдоону жана жаңыланууну талап кылат. Дебитордук карыздын жогорулашы 1,8 эсеге, же 8,7 миллион сомдон 15,4 миллион сомго чейин көбөйгөн, бул болсо өтүмдүүлүк  көйгөйлөрүнө жана каржылык туруксуздукка алып келиши мүмкүн. Ижарачылар тарабынан төлөө тартиптерин  бузуу жана ижара акысы боюнча карыздын туумунун чегерилбегендиги байкалган, бул болжол менен 14,9 миллион сом суммасын  түзгөн.

                 Жалпы аянты 6500 чарчы метрди түзгөн 14 коттедждин алдындагы 2 гектар жер участогун пайдалангандыгы үчүн, 2013-жылдан бери ижара акысын чегерүү жана өндүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 8-беренесинин талаптары сакталбай келет, ошондой эле жыл сайын 0,9 – 2,4 млн. сом эсептелбей келет. Жумуштан бошотулган кызматкерлер үчүн мөөнөтү өткөн дебитордук карыз 727,5 миң сомду түзгөн.  

                 “Элдик” мамлекеттик ишканасы боюнча ФУГИ тарабынан Ош жана Баткен облустарынын мамлекеттик администрацияларына өткөрүлүп берилген объектилердин ичинен 3 объект Кара-Суу районунун аймактык мамлекеттик администрациясынын балансына кабыл алынган эмес. Аудит дебитордук карыздын 6 млн. сомго, кредитордук карыздын 9 млн. сомго өсүшүнө байланыштуу финансылык абалдын начарлашын белгилейт. "Нур-Билим Ордосу" ЖЧКнын ижарага алынган мүлкүнүн аянтын комиссиялык өлчөө учурунда, аянт 1447,6 чарчы метрге төмөн баалангандыгы жана ал үчүн ижара акысы 4 млн. сом суммасында эсептелбегендиги аныкталган. Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча, ижарачылардан жалпы суммасы 130,0 миң сомдук товардык-материалдык баалуулуктардын  жетишсиздиги аныкталган, анын 98,8 миң сому калыбына келтирилген.

                 “Талас соода-базар комплекси” мамлекеттик ишканасынын негизги багыты - ишкерлерге таандык соода павильондор  жайгашкан жер тилкелерин ижарага берүү болуп саналат. Кирешелердин 46,8 пайызы эмгек акыны төлөөгө чыгымдалат. Кээ бир жеке ишкерлер, ижарачылар менен келишимдер түзүлгөн эмес, ижара акысы алынбайт. Аудит мезгилине карата ишкананын кирешеси болжол менен 99,0 миң сом алынган эмес. Ошондой эле, аудиттин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын бузулгандыгы аныкталган, тендер жарыяланбастан, жалпы суммасы 264,1 миң сомго товарлар жана кызматтар сатылып алынган.

                 Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберилди. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментине маалымат берилди. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна отчет жана сунуштамалар жиберилди.