Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кара –Буура   районунда  2831,5 миң. сом суммасында  каржылык бузуулар аныкталды.

 

2019-2020-жылдар аралыгында Талас областынын Кара-Буура  районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 2831,5 миң сом болгон каржылык бузуулар аныкталды.

Аталган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук иш планына ылайык жүргүзүлгөн аудиттердин  натыйжасында белгилүү болду.

Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында 2815,2  миң сом акча каражаттарын чыгымдоодогу бузуулар, анын ичинен: эмгек акынын  негизсиз төлөнүшү 1566,6 миң сом; курулуш - куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы 117,2 миң сом; жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз  1131,4 миң сом; Социалдык фондго кошумча чегерилген кирешелер 8,6 миң сом;

Аныкталган бюджеттин резервтери жана жоготуулары 4219,3 миң сомду түзгөн. Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 1119,4 миң сомду түзгөн.

Аудит жүргүзүлгөн мекемелерге аныкталган каржылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жиберилген.