Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылга карата ишмердүүлүгү жөнүндө Отчету сунушталды.

 

 

2021-жылдын 16-17 - июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги жыйынында  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө Төраганын Отчету каралды.

Отчёт  2020-жылда  жүргүзүлгөн аудитордук иш-чарлардын сапатын андан ары жакшыртууга багытталган уюштуруу иш чаралары, өз ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылуу, коррупцияга каршы жүргүзүлгөнишчаралар, санариптештирүү, ошондой эле маалыматтарды тышкы пайдалануучулар менен өз ара аракеттенишүү, жүргүзүлгөн аналитикалык изилдөөлөр, жаңы методологиялык иштеп чыгуулар, аудиттин эл аралык стандарттарына өтүү бөлүгүндө жүргүзүлгөн реформаларды улантуу, кадр мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу иши, эл аралык иш-аракеттерди уюштуруу жана Эсептөө палатасынын иштешинин бир катар жана башка аспекттери жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгү мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүүгө, анын натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга багытталган.

Отчеттук жылы Эсептөө палатасы тарабынан, 2016-2020-жылдар мезгил аралыгына карата Эсептөө палатасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын  максатына жетүү боюнча иш аягына чыгарылды. Стратегиялык планды ишке ашыруу боюнча жасалган иш чаралар комплексине, мамлекеттик аудит тутумун жакшыртууну, аудитордук ишти пландоо процессин оптималдоону,аудиттин эл аралык стандарттарын жайылтууну жана тышкы коммуникацияларды чыңдоону киргизсе болот.

2020-жылы "Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «Жол картасынын» милдеттерин аткаруу жана Эсептөө палатасынын ишин автоматташтыруу боюнча иштер улантылган.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020- жылдагы ишмердүүлүгү боюнча кененирээк таанышуу үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз.